Ажылык сапарына зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетти


shadow

Ажылык сапарына дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан миңдеген мусулмандар аттанышат. Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу 17-июлда эртең менен учуп кетти.
Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-августка чейин Бишкек жана Ош шаарларынан 18 жолу авиакаттам уюштурулуп, 6010 адам диний жөрөлгөнү аткарууга барат.
Сауд Арабиясы былтыркы жылга салыштырмалуу 2019-жылы кыргызстандыктарга 500 квота кошуп берген. Зыяраттын баасы киши башына 3000 доллар болду.
Ислам дининин эрежелери боюнча, ажылык — бул мусулмандарга жүктөлгөн парздардын бири. Ар бир колунда бар мусулман адам өз өмүрүндө жок дегенде бир жолу Меккеге ажылыкка барып келиши зарыл.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *