Диний таалим-тарбия алуунун маанилүүлүгү


shadow

Ислам дини боюнча таалим-тарбия алуу адамзат урпагынын калыптанышында өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Ошондуктан Алла Таала өзүн «Рабб» б.а., «тарбиялоочу, тартипке салуучу, таалим берүүчү» деп мүнөздөгөн. Ыйык Куранда эң көп кайталанган сөздөрдөрдүн бири – бул «Роббул-ааламиин» сөзү. Мунун мааниси «бүтүндөй ааламды теске салуучу, тартипке келтирүүчү» дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле Алла Таала Өзү азирети Адам атага бардык нерсенин ысымдарын маалымдаганы жөнүндө Куран аяттарында мындай дейт: «(Алла Таала) Адамга бардык нерсенин ысмын үйрөттү» (Бакара сүрөсү, 31-аят). Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз да өзүн «мугалим» катары мүнөздөп, элге адал жолдун таалим-тарбиясын берүүгө өзгөчө басым жасаган. Ислам дини келгенге чейин өз кан-жанынан бүткөн кыз ымыркайларын тирүүлөй көмүүгө дити барган таш боор арап коомчулугу ошол куттуу Пайгамбардын таалим-тарбиясы менен «адам» деген атка татыктуу коомго айланышты. Бул өңүттөн Ислам дининде таалим-тарбия өзгөчө мааниге ээ. Курандын алгачкы аяты «оку!» деп келген. Андыктан мусулман коомчулугу катары биз окуп, таалим-тарбия алышыбыз кажет. Бул Жараткандын буйругу.

Мусулман катары биз адам баласына пайдалуу илимдерди үйрөнүшүбүз керек. Алла Тааланын «оку!» деген буйругу тек гана диний илимдерди камтыбайт, бардык пайдалуу илимдерди өз ичине камтыйт. Курандагы ар бир сөз кандай Алла Тааланын сөзү болсо, Анын бар экендигинин, жалгыздыгынын, улуулугунун далили болсо жана аны окуу кандай ибадат болсо, дал ошондой эле ааламдагы ар бир нерсе да Алла Тааланын өзүнчө бир белгиси, Анын барлыгынын, жалгыздыгынын, улуулугунун көрнөгү жана аларды изилдөө, маани маңызын түшүнүү да өзүнчө ибадат. Алла Таала бир топ жерде Курандагы вахий сөздөрүнө аят дегендей эле, асман телолоруна, адам баласына, айбанаттарга, топурактын үрөөн беришине ж.б. жаамы жандуу-жансызга карата да «аят» б.а., «белги» деген сөздү колдонгон. «Өлүк жер силер үчүн өзүнчө белги. Биз аны тирилттик, андан дан өндүрүп чыгардык» (Ясин сүрөсү, 33-аят), «Аларга дагы бир белги – бул түн. Андан күндү ажыратабыз. Анда алар караңгылыкта калат. Күн да өзү үчүн белгиленген орунда жүрөт. Бул – Үстөмдүк кылуучунун, Билүүчүнүн өлчөгөнү» (Ясин сүрөсү, 37-39-аяттар). «Анын белгилеринен бири – силерди топурактан жаратышы. Кийин силер адам болуп жер бетине таркатылдыңар. Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго сүйүү отун тутандырып, силерге мээримдүүлүк сезимин ыроологону да – анын белгилеринен. Чындыгында ой-жүгүрткөн адамдар үчүн мында белгилер бар. Асмандар менен жердин жаратылышы, силердин тилиңердин, түсүңөрдүн ар түрдүүлүгү да – анын белгилеринен» (Рум сүрөсү, 20-25-аяттар). «Чындыгында, асмандардын жана жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, адамдарга пайдалуу болуп деңиздерде сүзүп жүргөн кемеде, Асмандан Алла суу түшүрүп, өлгөн жерди (кайра) кийин тирилтүүсүндө, андагы ар түрдүү жаныбарлардын таралуусунда, шамалдардын багытынын өзгөрүшүндө, жер менен асмандын ортосундагы баш ийген булуттарда – акыл-эстүү адамдар үчүн Алланын белгилери бар» (Бакара сүрөсү, 164-аят). «Асмандар менен жердин жаралуусунда жана түн менен күндүн алмашуусунда – акыл ээлери үчүн белгилер (бар). Алар Алланы өйдө турганда да, отурганда да жана жамбаштап жаткан абалда да эстешет. Жана асмандардын жана жердин жаралуусу жөнүндө ой жүгүртүшүп: “О Жараткан! Сен муну максатсыз жаратканың жок. Сен Ыйыксың! Бизди Тозок азабынан сактай көр…” (– дешет)» (Аали Имран сүрөсү, 190-191-аяттар). Куран илимдери менен, т.а., Тафсир, Хадис, Фикх жана башка диний илимдерди изилдеп окуу кандай зарыл болсо, космос илимдери, медицина, физика, инженерия, математика жана башка бардык пайдалуу илимдерди да окуп үйрөнүү ошончолук зарыл. Андыктан биз мусулмандар үчүн адам баласынын жакшылыгына болгон бардык илимдер маанилүү жана пайдалуу.

Ошону менен бирге кээ бир илимдер айрым бир илимдерден дагы да маанилүү болушу мүмкүн. Маселен, медицина илими эң керектүү илимдерден бири болуп, айрым бир илимдерден алдаканча зор мааниге ээ. Анын сыңарындай Ислам илимдери да адам баласынын түбөлүк бактысы үчүн өзгөчө маанилүү болуп, аны алууга ар бир адам муктаж. Жалпыга маалым болгондой эле, кээ бир илимдер белгилүү бир тар чөйрөгө маанилүү болуп, ошол гана чөйрөнүн кишилери үчүн керектүү. Маселен, статистика илими, белгилүү бир чөйрө үчүн маанилүү жана белгилүү адамдар аны сөзсүз билиши керек. Бирок бул ар дайым ар жерде керектүү илим эмес. Аны ар бир адам билүүгө тийиш эмес. Ал эми Ислам таалими мындай эмес. Ал ар бир адамга өмүр бою жашоонун ар бир көз ирмеминде керек. Маселен биз «мынабул адамдар туура жолдо жүрсүн, ал эми тигилери туура жолдо жүрбөсө деле болот» дешибиз мүмкүнбү? Албетте, жок. «Иштеп жүргөндө түз жүрүп, пенсияга чыкканда түз жүрбөсөңүз деле болот» дей албайбыз.

Бизди түз жүрүүгө, адептүү, түшүнүктүү болууга, үй-бүлөсүн, эл-жерин сүйүүгө, элге кызмат кылууга чакырган Ислам таалими адам баласы үчүн ар дайым керек. Бул таалим чоңго да, кичинеге да керек. Эркекке да, аялга да керек. Жетекчиге да, кызматчыга да керек.

Ислам таалими деген эмне? Эми мунун маани-маңызы менен жакындан таанышууга аракет кылалы; Ислам таалими – бул адам баласына ар качан жана ар жерде Жараткандын көзөмөлүндө тургандыгын түшүндүрүү таалими. Бул жагдай туурасында аяттардын биринде мындай делет:«Намазга тургула жана зекет бергиле! Ошондо Алланын алдында жакшылык табасыңар. Албетте, Алла силердин эмне кылганыңарды көрүп турат» (Бакара сүрөсү, 110-аят)

Ислам таалими — жүрөктү Жараткандын сүйүүсүнө толтуруунун, акылды Жараткандын мыйзамынын чегинде колдонуунун таалими. «Жүрөктөр Алла Тааланы даңазалап зикир кылуу менен гана бейпилдикке жетет!» (Раад сүрөсү, 28-аят)

Бул таалимдин арты менен адам баласы Жаратканды таанып, Анын буйрук-жарлыктарын, ага жакын пенде болуунун талаптарын үйрөнөт. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз баш болгон пайгамбарлардын адамдык асыл сапаттарынан, өрнөктүү өмүр кенчинен үлгү алат. Алла Тааланын периштелерине, китептерине, өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ыйман келтирип, кыяматта Жараткандын алдында бул дүйнөдө жасаган ар бир ишинен суракка тартылаарын үйрөнөт. Адам баласы бул таалимдин берекеси менен адал жолдо өмүр кечирүүгө жанүрөйт.

Негизи бул таалим — адам баласынын табияты талап кылган табигый таалим. Башкача айтканда, ар бир адам Ислам таалимине муктаж абалда болот. Алла Таала адамды ушул таризде жараткан. «Сен туура эмес ишенимдерден арылып, таза абалда жүзүңдү динге бур! Алла Таала адамдарды ошого (Исламга) ылайык кылып жараткан» (Рум сүрөсү, 30-аят). Кептин төркүнү ошол өзөгүбүзгө ширетилген табигый адамдык аруулугубузду жоготпой, жаралгандагы негизги максатыбызга ылайык өмүр кечирүүдө жатат. Ошондо гана «дайра өз нугунда агып, андагы кеме да өз багытына ылайык сапар алат». Болбосо, убакыттын өтүшү менен «дайра да, кемедеги адамзат коомчулугу да башаламан» абалга келет. Бүгүнкү күнү дүйнөнүн көп жеринде Ислам таалими жакшы берилбегендиги үчүн өтө олуттуу коомдук көйгөйлөр жаралууда.

Ислам таалими жүрөктүн төрүнө Жараткан Аллага болгон улуу сүйүүнү орнотот. Адам баласы бул учурда шилтеген ар бир кадамына кылдат мамиле жасап, Жараткандын көзөмөлүндө тургандыгын жадысынан чыгарбас болот. Жалаң гана жакшылыкка бет алып, ар бир ишин майын чыгара жасоого жанүрөйт. Себеби ал Жараткандын ыраазылыгы иштин ийине келтириле жасалышында жаткандыгын жакшы билет. Ислам таалими ар бир адамга берилген чакта баары өз нугуна түшөт. Мындай шартта коомдо уурулук, сойкулук, шылуунчулук сыяктуу жат көрүнүштөр жоголуп, бейпилдик өкүм сүрөт.

Ислам таалимин алган адам ата-энесине колдон келген урмат-сыйын көргөзүп, кызматын кылып, аларды бөпөлөп багып алууга дайыма даяр болот. Бул учурда ал өзүнө сан жеткис жакшылыктарды ыроологон Жараткан Алланын ыраазылыгы ата-энесинин ыраазылыгына байланыштуу болгондугун билет. Ата-энеси баласына ыраазы болсо, Алла Таала да ал пендесине ыраазы болот. Ошондой эле чыныгы мусулман адам үй-бүлөсүн, бала-бакырасын сүйүү, алар үчүн адал жолдон киреше табуу, иштөө, аларга баш-көз болуу, аларды коргоо сыяктуу жагдайлардын баары Жараткандын ыраазылыгына себепкер болгонун жакшы түшүнөт. Ал мына ушундай аң-түшүнүктүн негизинде кадам шилтейт. Эл-журтуна, бүтүндөй инсаниятка пайдалуу болуу, аларга кызмат кылуу анын жашоодогу эрежесинин катарынан орун алат.

Ошондуктан бул таалим ар бир адамдын, ар бир үй-бүлөнүн, жалпы коомчулуктун абадай зарыл муктаждыгы болуп, буга өтө олуттуу түрдө мамиле жасоо кажет.

«Бул таалим качан башталышы керек?» деген суроого келе турган болсок, көптөгөн педагогика илимдеринин адистери муну ымыркай эненин курсагында жаткан кезинде эле баштоо керектигин айтышат. Бул абдан туура аныктама. Бирок биз бул учурга чейин башталышы керектигин да айта алабыз. Биздин түшүнүгүбүздө адам үй-бүлө курууга чечим чыгарган кезден тарта келечекте балдарынын таалим-тарбиясын ойлонуп аракет кылышы керек. Ал үчүн үйлөнө турган жубайын ушул түшүнүктүн негизинде тандашы керек. Жар тандоодо «ал менин балдарымдын энеси / атасы болот» деген маселеден баштоо керек. Алгач анын бул багытта жакшы таалим-тарбия берип-бере албоо өзгөчөлүгүнө кароо зарыл. Жубайды туура тандаган соң Жараткандын ыраазылыгын көздөп, Ага алакан жая дуба кылуу кажет. Ошентип эненин курсагына алгачкы үрөөн түшкөнгө чейин аруу максаттар менен кадам ташталган болот. Андан соң ата-эне, өзгөчө эне ар бир жасаган ишине; жеп-ичкенине, кийген кийим-кечесине, сүйлөгөн сөзүнө, көргөн көзүнө, уккан кулагына ж.б.у.с. жагдайларга өтө кылдат мамиле жасашы керек. Ал «жакшы иштер менен алек болсом, баламдын адеби жогору, ал эми жаман иштер менен алек болсом, баламдын адеби төмөн болот» деген түшүнүк менен кадам шилтеши керек.

Бала төрөлгөндөн кийин ата-эненин мамилеси бул багытта дагы да олуттуу болушу кажет. Баланын адебине терс таасирин тийгизе турган ар түрлүү жат сапаттардан кескин түрдө оолак болуу зарыл. Анын «адам» болуп калыптанышына оң таасирин тийгизе турган асыл сапаттары менен үлгү болууга умтулушу кажет. Лукман (алейхиссалам) сыяктуу балдарыбызга туура акыл-насааттарыбызды бере жүрүшүбүз керек. Бул багытта Куран аяттарында төмөнкүчө маалымдалат: «Лукман өз уулуна насаатын айтып: «Уулум! Аллага шерик кошпо! Бул өтө чоң күнөө… Уулум! Эгер бул аскада, асманда же жерде сары кычынын данынчалык салмактагы жамандык болсо дагы Алла Таала аны кыяматта келтирет (б.а., ийненин көзүнчөлүк жамандык кылса да, кыяматта Алланын алдында анын сурагын сөзсүз түрдө бересиң ). Алла Таала бүт нерсени ийне-жибине чейин Билүүчү жана бүт нерседен Кабардар! Уулум, намаз оку! Элди жакшылыкка чакыр, жамандыктан кайтар. Башыңа түшкөн кыйынчылыктарга сабыр кыл! Анткени булар өтө маанилүү иштердин катарынан орун алат. Адамдарга кекирейбе! Жер бетинде текеберлене баспа! Себеби Алла Таала өзүн элден жогору сезген текеберлерди жакшы көрбөйт…» деген эле» (Лукман сүрөсү, 13-18-аяттар).

Мына ушундай ыймандуулуктун таалимине сугарылган үй-бүлө түбөлүк бакыттын босогосун аттаары талашсыз чындык. Андыктан ар бир мусулман ата-эне Ислам таалимине олуттуу түрдө мамиле жасаганы дурус.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *