Жагымдуу жаңылык

Аалымдар Кеңешинин кечээки кезектеги жыйыны жагымдуу саамалыктар менен коштолду.


shadow

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Борбордук Азияга таанымал аалым, жүздөгөн дамылла аалымдардын устазы, ардактуу аксакал ажы Мамасабыр Досбол уулуна жана илимдин доктору, ОШМУнун теология факультетинин окутуучусу, төраганын орун басары Ниязали ажы Ариповго «Диний билим берүү, таалим тарбия жана диний адабияттарды жайылтуу жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн» Аалымдар Кеңешинин ыраазычылык баракчасын тапшырды. Андан соң Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев кыргыз коомчулугуна диний адабияттарды жайылтуу жана руханий таалим тарбия берүүдөгү опол тоодой салымы үчүн Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Мамасабыр Досбол уулун III даражадагы «Насыйкат» ордени менен сыйлады.
Жыйын соңунда Аалымдар Кеңешинин ар бир мүчөсүнө, бардык катышуучуларга кыргыз тилине которулган «Дивани Хикмат» китеби жана «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук жыйнак белекке берилди.

Эске салсак «Дивани Хикмат» китебин Досболов Мамасабыр жана Арипов Ниязали ажылар которуп даярдашкан. Ал эми «Хадистердин негизинде Ислам» жыйнагы ОШМУнун теология факультетинин мугалимдери тарабынан которулган. Аталган китептердин экөөсү тең Түркия Диянет фондусунун каржылык көмөгү менен бастырылган.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *