Иорданияда Калам илимин алып жаткан Орозон Касымов менен маек


shadow
  • Ассаламу алейкум. Арыбаңыз Орозон, амансызбы? Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз?

 

— Ва алейкум ассалам. Рахмат, аманчылык. Мен Касымов Орозон 1996 – жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл – Суу айылында туулгам. 2013 – 17 – жылдар аралыгында Ош Мамлекеттик Университетине караштуу Арашан Гуманитардык Институтунун Дин таануу факультетин ийгиликтүү аяктагам.

 

 

 

 

  • Учурда кайсы өлкөдө, кайсы университетте илим алып жатасыз?

 

— Азыркы учурда Иордания Хашимиттер мамлекеттинде жашап жана илим алып жатам. Окуп жаткан окуу жайым; Иордания Мамлекеттик Университети, Шарият факультети, Дин Усулдары (Усулу ад-Дин) кафедрасынын 3 – курсунун студентимин.

 

 

 

  • Бул окуу жайга кандай жол менен кантип тапшырдыңыз эле?

— Алгач Кыргызстандагы окуумду бүтүргөн соң катардагы бүтүрүүчү студенттердей эле көпкө ойлондум. Акыры көптөн бери кыялданып жүргөн кыялымды ишке ашыруу үчүн Иордания мамлекетине барып окууга аракет кыла баштадым. Ар бир чын ыклас менен кылынган иш аракеттер сөзсүз өз жыйынтыгын берет эмесби, анысыңарындай Аллах буйруп, көксөп жүргөн жериме өз күчүм менен окуш үчүн келдим. Баардык эле иштин башы оор кыйынчылыктар коштолуп башталгандай эле менин да илимге болгон даңгыр жолум ысык – суук, оор – жеңил кыйынчылыктар коштолуп өтүп жатты. Тил жагынан кыйынчылыктар болду, мамлекет тарабынан же атайы бир программалар менен чыкпагандыктан, жалгыз башың жана жеке чөнтөгүң менен оорчулуктар туулуп жатты.

     Бир жыл арап тили курсун окуп, тил үйрөнгөндөн кийин учурдагы окуп жаткан университетке сынак тапшырдым. Сынактан өтүп буйрук экен азыркы убакта окуп жатам. Учурдан пайдаланып ушул жакка келишиме чоң себепчи болгон, өзүнүн кеп – кеңештерин берген арап тили боюнча филология илимдеринин доктору Мурадилов Сабырбек байкеме терең ыраазычылык билдирем. 

 

 

  • Окуп жаткан универстетиниз тууралуу окурмандарга кыскача маалымат бере кетсеңиз?

— Иордания (же Урдун) университети бул мамлекеттеги эң алгачкы жана эң чоң университет болуп эсептелет. 1962 – жылы ачылып, 20 факультет, дагы 5 факультети Акаба шаарында филиал катары жайгашып, 90 кафедрадан, 1600 окутуучудан жана 50 миңге чукул студенттен турат. Жалпылай Ортоңку Чыгыштагы эң чоң жана алдыңкы окуу жай болуп саналат. Дүйнөлүк рейтингде окутуу жагынан, студенттерди окутуп чыгаруу жагынан жана илимий даража жагынан дүйнөнүн алдыңкы 500 окуу жайларынын катарында.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын туңгуч Муфтийи Азирети Кимсанбай ажы Абдырахманов, теолог Маликов Кадыр Курманбекович, филология илимдеринин доктору Мурадилов Сабырбек Кубанычбекович сыяктуу элибизге таанымал дин адамдары ушул универстетте илим алып кетишкен. 

  • Сиздин окуп жаткан окуу бөлүмүңүз Кыргызстанда канчалык актуалдуу?

— Алгач окуп жаткан багытымды кыскача түшүндүрө кетсем. Аталышы “Акыйда (ишеним) илими” же болбосо “Илмул Калам” (Калам илими) деп аталат. Бул илим инсандын Аллахка болгон ишеними, кандай ишеним менен биз туура жана таза ишенимге ээ болобуз, башка диний ишенимдердин катачылыгы, жана аларга раддияларды (жооп) кандай беребиз, Ислам дини Аллахтан келген эң туура жана акыркы дин экенин карапайым элге, башка диндегилерге, деги эле кудайга ишенбегендерге кандайча ыспаттап беребиз, Ислам дининин өзүнүн ичиндеги акыйдасы ( ишеними) бузулуп, жолдон тайып кеткен фыркаларды (диний топтор) изилдеп аларга Куран, Сүннөт жана белгилүү чоң – чоң аалымдардын (Ижма) сөздөрүнөн далилдерди алып келип кандай жооп беребиз жана өзүбүздүн, “Ахли Сүннөттүн” эки чоң акыйда мектеби “Матуридий” жана “Ашарий” мазхабын терең сүңгүп кирип окуп үйрөнөбүз.

Эми Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча мамлекетке ээ болгондон кийин ар кайсы мамлекеттен, элден, ар кандай ишеним жолдор, диний топтор, диндер, өз кызыкчылыктарын элге жайып, ишмердүүлүктөрүн жүргүзө баштады. Аны менен катар өз элибиздин динге болгон талабы күч болуп, руханий жактан суусап турганда туура эмес диний пропагандачылардын бал сөзүнө же бир аз акчасына алданып аларды ээрчип, бош калган руханиятын бузук ишеним менен толтуруп кеткендер аз эмес.

Менин окуп жаткан кесибим, Кыргызстандагы туура жана туура эмес диндерди же болбосо бир диндин ичиндеги туура эмес диний топторду изилдеп, аларды диний электен (экспертиза) өткөрүп, өлкөбүздө өз иштерин улантуусуна же болбосо тыюу салынуусуна натыйжа чыгарып берет.

Мамлекетибизде салттуу динди жайылтууда, элге түшүндүрүүдө, салтттуу динде ишеним  катары Матуридийликте болгондугубуз үчүн, Матуридий мазхабынын калктын калың катмарына жайылуусунда жана кеңири түшүндүрүүлүсүндө мен окуп жаткан илимдин өтө чоң орду бар жана суроо – талап жогору.

Жогорудагы бул илим бутагынын Кыргызстанда канчалык актуалдуу экенине жооп бере алдым деп ойлойм.

  • Кыргызстанга келгенде окуган кесибиңиз боюнча жумушка кирүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?

— Албетте, эгер өзүңдүң окуп жаткан бөлүмүңдү сүйүп жана майын чыгара окусаң кайда болбосун өзүнүн кесибинин устасы болгон кесип ээлери ордун таап, иштеп кетет жана жогоруда айтып кеткендей Акыйда илимине Кыргызстанда суроо – талап өтө жогору. Бизге болгону, Жараткандын берген мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып жан үрөп окуп, илим алып кетүү. Аракет пендеден болсо албетте берекети Аллахтан.

 

 

 

 

  • Учурда диний билим алып жаткан жана алгысы келген окурмандарга кеп кеңештериңиз?

 

— Дүйнөнүн ар тарабында диний илим – билим алып жаткан жаштарга азын – оолак кеп кеңешим төмөндөгүчө:

  • -Жогоруда айтып өткөнүмдөй, мамлекет тарабынан талап кылынган салттуу диндин, Ханафий жана Матуридий мазхабдарынын негизинде илим алуу

  • -Ат сапары беш айлык болгон алыс – алыс жерлерге атайы илим алуу үчүн баргандан кийин, убакыттын көбүн болушунча китеп менен достошуп, китептин сырларын үйрөнүп, китепкананы үйгө же үйдү китепканага айлантуу

  • -Илим үчүн эл аралап окуп жүргөнүбүзгө байланыштуу, ар элдин каада – салтын, үрп – адатын жана салттуу динин үйрөнүп алып, өз мекенине барып жайылтпоо, таңуулобоо

Ал эми чет жактан диний илим алам деп аткан илим ышкыбоздоруна кеңешим мындайча:

  • -Амалдардын баары ниетке жараша дегендей, биринчидей ниет – ыкластуу бекем жана туура багытка коюу

  • -Бара турган мамлекетин терең изилдеп сураштырып, болушунча бекер жана стипендиялуу окуганга аракет кылуу жана ошондой программалардын жардамын колдонуу

  • -Диний илим алам, өзгөчө Ханафий фыкхын (юриспруденция) Матуридий ишенимин терең изилдеп окуп, ошол багыттын адиси болом дегендерге Иордания мамлекетин сунуштайт элем. Себеби бул мамлекетте, Бүткүл ааламдык Ислам Университетинде Ханафий факультети ачылган. Негизи эле азыркы убакта Иордания мамлекети Исламий илимдердин илим чордонуна айланды. 

— Орозон мырза маек бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аллах илим жолунда зеен ачыктыгын жана илиминизге береке берсин иншаАллах…

Булак: Sabil.news

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *