Исламда жоолук эмне үчүн буйрук кылынган?


shadow

Тасаттур – сөздүк маниси «оронуу», «жамынуу»; «өзү менен башкалардын ортосуна перде коюу», «бир нерсенин ичинде же аркасында жашынуу» деген маанилерге келет. Ал эми терминдик мааниси талаптары жана өлчөмдөрү диний жактан белгиленген жамынуу милдеттүүлүгү деп түшүнсөк болот.[1] Оронуунун синоними катары хижаб (хиджаб), жоолук, оромрол, паранжы сыяктуу сөздөр аралаш колдонулса, антоними – жылаңачтык. Тагыраагы, исламда табарружга – көңүл бурдуруу жана өзүн көрсөтүүгө тыюу салынган. Биз макалабызда оронуу деп жалпылап колдонууну эп көрдүк.

Жашообузда маанилүү ролду ойногон кийим-кече оболу кудай тааланын ниматы каралууга тийиш.[2] Ислам дини кийинүүгө байланыштуу маанилүү өкүмдөрдү койгон.[3] Ислам сунуш кылган кийинүү маданиятынын адамзаттын материалдык маданиятында өз орду бар десек жаңылышпайбыз. Хижабдын негизги функциясы адептүүлүк жана ар кандай бузукулуктун алдын алуу болуп саналат. Ыйык Куран-и Каримде «Момундарга айткын: (Ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин сактасын. Бул алардын өздөрү үчүн абдан жакшы», — деп айтылган.[4] Ушул эле аяттын уландысында:

وَقُلْ لِلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ اَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدينَ زينَتَهُنَّ اِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلٰى جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدينَ زينَتَهُنَّ اِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ اَوْ اٰبَٓائِهِنَّ اَوْ اٰبَٓاءِ بُعُولَتِهِنَّ اَوْ اَبْنَٓائِهِنَّ اَوْ اَبْنَٓاءِ بُعُولَتِهِنَّ اَوْ اِخْوَانِهِنَّ اَوْ بَنٓي اِخْوَانِهِنَّ اَوْ بَنٓي اَخَوَاتِهِنَّ اَوْ نِسَٓائِهِنَّ اَوْ مَا مَلَكَتْ اَيْمَانُهُنَّ اَوِ التَّابِعينَ غَيْرِ اُولِي الْاِرْبَةِ مِنَ الرِّجَالِ اَوِ الطِّفْلِ الَّذينَ لَمْ يَظْهَرُوا عَلٰى عَوْرَاتِ النِّسَٓاءِ وَلَا يَضْرِبْنَ بِاَرْجُلِهِنَّ لِيُعْلَمَ مَا يُخْفينَ مِنْ زينَتِهِنَّ وَتُوبُٓوا اِلَى اللّٰهِ جَميعاً اَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿٣١﴾

«Момун аялдарга айт: «(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин (аягы суюктук кылуудан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын.[5] Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, (бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы болбогон (кумардануусу) болбогон[6] кызматкерлерге же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн буттарын жерге катуу уруп жүрүшпөсүн.[7] Эй момундар! Баарыңар Аллага гана тообо кылгыла! Балким (азаптан) кутуларсыңар».[8]

Бул аятта оронуунун парздыгы ачык-айкын баяндалган. Ошол эле маалда оронуу шарт болбогон тараптар да белгиленген. Башка аятта мындай деп буйрулган:

يَٓا اَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِاَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَٓاءِ الْمُؤْمِنينَ يُدْنينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلَابيبِهِنَّ

Эй пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдардына айткын: «үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын…

Ал эми хижаб боюнча айрым рабаяттарды карап көрөлү:

Расулулла (с.а.в.) бир күнү Аз. Аишанын (р.а) үйүнө кирди. Аишанын бир тууганы Асма (р.а.) жанында эле. Үстүндө денесинин бардык жерин жапкан жана жеңдери кең кийим бар эле. Расулалла аны көрөр замат сыртка чыгып кетти. Азирети Аиша (р.а.) эжесине, «Бул жерден чык. Пайгамбар сенден жагымсыз бир нерсени байкады», – деди. Аз. Асма чыгып кеткенден кийин пайгамбарыбыз (с.а.в.) үйгө кирди. Аз. Аиша анын чыгып кетүү себебин сурады. Расулалла кийиминин жеңин манжаларынын учу гана көрүнө турганчалык тартып мындай деп жооп берди:

— Бир тууганыңды көрбөдүңбү? Мусулман аял ушул жеринен башкасын көрсөтпөйт.[9]

«Аял – оронушу керек болгон аврат. Сыртка чыгар замат шайтандын көзү түшөт».[10]

Сафиййа бинти Шайба (р.а.) айтат. Биз Аиша (р.а.) менен чогуу элек. Курайш аялдары жана алардын өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылдык. Аз. Аиша: «Шек-күмөнсүз курейштик аялдардын бир нече артыкчылыктары бар. Бирок мен, Аллага ант болсун, Алланын китебин өтө бекем тастыктаган жана абдан берилип ишенген ансар аялдардан да пазилеттүүсүн көрбөдүм. Анткени Нур сүрөсүнүн «(Аялдар) жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын» аяты түшөрү менен алардын күйөөлөрү үйлөрүнө ушул аятты окуп барышты. Бул кишилер аялдарына, кыздарына, эже-карындаштарына жана туугандарына окуп беришти. Бул аялдардын ар бири Алланын китебин тастыктап жана ишенип этектеринен жоолук даярдашты. Эртеси эрте менен Аз. пайгамбардын аркасында багымдат намазына жоолукчан турушту. Алардын башында каргалар конгон сыяктуу эле».[11]

Ибн Аббас (р.а.) пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мындай деген: «Расулалла аялдардан эркектерге окшогондорго, эркектерден аялдарга окшогондорго наалат айтты».[12]

Аят жана хадистердин негизинде карасак, балагатка жеткен мусулман аялдын башын (жүзүнөн башка), моюнун жана көкүрөгүн жаап жүрүшү фарз-ы айн болуп саналат. Бул жерлердин ачылышы тарк-и фарз болгону үчүн арам. Шарият талап кылган жерлерди ачып жүрүү күнөө болуп саналат.[13]

Хижабдын хикматтары

Хижабдын биз билген жана билбеген көптөгөн хикматтары бар. Аны табияттагы ар кандай нерселерге салыштырып кароого болгудай. Мисалы, жер-жемиштин бардык түрүнүн кабыгы бар. Алар жемишти ар кандай кырсыктардан, жок болуп кетүүдөн же кургап калуудан сактап турат. Ал тургай жер шарынын да озон жана анын ары жагындагы сырткы коргоочусу (Радиационный пояс Ван Аллена) бар. Алыс барбай, баалуу таштарды эле алып карайлы. Мисалы, алтын-күмүш өңдүү кен-байлыктар, деңиз түбүндө кездешүүчү акак, бермет өңдүү асыл таштар да табигый түрдө коргоо менен камсыздалган. Эгерде алар жер үстүндө эч кандай коргоосуз эле чачылып жатса баалуулугун жоготмок. Демек, ар кандай баалуу таштардан кымбат турган аялзатынын өз абийрин, ар-намысын, сулуулугун жаап жүрүшү эң эле туура. Болбосо, анын кымбаттыгы кайда? Азыркы тапта «ыйман – кийим менен өлчөнбөйт, тиги-бу» деп сөз баштаган кээ бир акылдуусунгандар пайда болду. Мындай сөздөр билбестик же маалыматсыздык себептүү аят-ы каримага каршы чыгууга чейин жетип жатат. Тилекке каршы, диний сабатсыздыктан ушундай сөздөр айтылууда.

Ал эми ислам дөөлөттөрү менен улуттук баалуулуктарды карама-каршы койгусу келген кээ бир адамдар бет тырмоочулук менен салт-санааны бетке кармап, түпкү максаты диний өкүмгө каршы чыгып келишет. Андайлар менталитетибизге таптакыр жат кийинүүлөргө, жарым жылаңачтанууларга талкан сугунансып унчукпай келип, бирок хижаб маселеси жөнүндө сөз болсо эле кыйкырып чыгууну адатка айлантышты. Бул барып турган кош стандарттуулук эмеспи.

Экинчиден, хижаб бул макаланын башында айтылгандай, уяттуу жерлерди жабуу дегенди туюнтат. Совет дооруна чейин кыргыз аялдары толук кандуу тасаттурду (хижабды) сакташкан. Ишенбегендер архивдик материалдарды карап көрсө болот. Алсак, Курманжан Датка эч качан элечегин чечкен эмес. Элечек исламдагы оронуу шартына 100 пайыз туура келет. Демек, менталитетти курал катары манипуляциялагандардын түпкү максаты белгилүү.

«Адам көркү – чүпүрөк» дегендей, кийинүү бир гана исламга таандык маселе эмес. Башка маданияттардын, ишенимдердин жана диндердин өздөрүнө таандык кийинүү стилдери бар. Кызыгы, менталитетти өз кызыкчылыгына гана ылайык бурмалап, исламга каршы койгусу келгендер эмне үчүн башка кийинүү түрлөрүнө унчукпай келет болду экен… Ал тургай сулуулар конкурсу сыяктуу эне сүтү оозунан кете элек кыздарды чечинтүүгө каршы чыккандардын азчылык болгону алигүнчө эсибизде. Же кыргыз салтында 17-18 жашар кыздарды жарым жылаңачтантып алып суктануу болгон беле. Кош стандарттуулук дегенибиздин дагы бир себеби ушул…

Менталитет демекчи, азыркы тапта момун кыз-келиндер кайсы бир элдин же коомдун эмес, өзүбүздүн улуттук каадага бап, шариятка төп иштелип чыккан кийимдерге басым жасаса абдан жакшы болмок. Мисалы, жоолуктарга улуттук орнаменттерди түшүрүү, улуттук оймо-чиймелүү кемселдерди тигүү жолго коюлса кана эле. Себеби, хижаб сөзсүз эле араб элинин, түрк элинин же пакистандыктардын формасы болууга тийиш эмес. Оронуудагы (хижабдагы) фарз – уяттуу жерлерди жабуу болуп саналат. Ал эми аялдын уяттуу жерлери анын жүзү, колунун (жана бутунун) учунан башка жерлери аврат болуп саналат.

Хижаб кийинүүнүн да жол-жобосу бар. Адамдардын көңүлүн бура турган өтө ачык түстөгү, баалуу таштар менен кооздолгон кийимдерди же капкара түстөгү кийүү (коомдо жыдуу каралбагандыгы себептүү) туура эмес. Ошондой эле, денеге жабышып, мүчөлөрдү билдирип турганы да болбойт. Кийим жука эмес, кенен, дене көрүнбөгөндөй кездемеден болушу жана моюндун ээкке чейин жабылышы шарт.

Хижабдын пайдалары

Хижаб бейишке чейинки сыноо. Башкача айтканда, эгерде аялзаты напсисин тарбиялап, өзүнүн сулуулугун көргөзүү менен мактанбай, жашырып жүрсө, эмки жашоосунда андан да көп сулуулукка ээ болот, иншаллаху таъала.

Психологдор жылаңачтанып, өзүн көрсөткүсү келгендер мактанчаак кыздар экенин далилдешкен.

Жылаңачтанган аялдар өзүнүн сулуулугун көрсөтүү менен эркектердин кумарын козгоп, психикасын бузат. Бул зордук-зомбулукка себеп болушу мүмкүн.

Хижаб кийген аялдар арасында тең салмактуулук сакталат. Албетте, аялдардын баары ажарлуу. Бирок, арасында өтө сулуусу да, өңү сертирээктери да бар. Хижаб бардык сулуулуктарды жаап тургандыктан, аны кийген аялдардын ортосунда кастык, көрө албастык, ичи тарлык сыяктуу сезимдер жокко эсе болот.

Аялдын өзүнүн коопсуздугу. Эркектер жылаңачтанган кыздарга көп кол салышат. Хижаб кийген кыздарга даай алышпайт. Мусулман кийими аялдарды кылмышкерлерден да коргойт.

Аялдын бактысы жана үй-бүлөсүнүн сакчысы. Хижаб кийген аял сулуулугун күйөөсүнө гана көрсөтөт. Андыктан ал үй-бүлөдө ишеним жана бактылуулук болот.

Ысыктын күнү башты сөзсүз түрдө бир нерсе менен жаап жүрүү керек, болбосо башка күндүн ысыгы өтүп, эси ооп калуу коркунучу бар. Чачка да ысык жана күндүн шооласы коркунучтуу.

Жогорку температурада чач нымдуулугун жоготуп, кургак болуп калганы байкалат. Ультрафиолет шооласы чачтын үстүнкү катмарын бузат. Андан улам чач серпилгичтигин жоготуп катуу болуп, оңой менен иретке келбей калат.

Медиктер табигый кездемеден тигилген, денеге чапташпаган, терини күндүн зыяндуу нурларынан сактай турган жана аба өткөргөн кийимдерди тандоону сунушташат. Чыпташкан кийимдер денени абдан ысытат. Ысыктан улам дене тердейт, күндүн түз тийген нурунан тер бууланат да, дене өтө ысып баштайт. Андыктан күндүн ысыгында хижаб эң ыңгайлуу кийим болуп эсептелет.

Организм температура 37 градустан жогорулаганда активдүү тердейт. Тер аркылуу көп суу жоготкондон кан тунат да, кандын тамырда уюшу пайда болот. Бул нерсе өзгөчө өнөкөт суук тийгендерге жана кеңседе аз кыймылда болуп иштегендер үчүн абдан коркунучтуу.

Ошондой эле денеге өткөн күндүн нуру убагынан эрте картаюуну чакырат. Ал эми бардык жери жабык кийим денени күндүн зыяндуу нурларынан сактайт. Натыйжада хижаб кийген аялдын жаштыгы жана сулуулугу көпкө сакталат. Бул илимде далилденген.[14]

Хижаб кийбегендерге көздүн сугу өтүп, оорунун көп түрлөрүнө кабылышы мүмкүн.

Хижабдын түрлөрү

Никаб – аялдын көзүнөн башка бардык жүзү жабылат. Ар түрдүү стилде болот, айрымдар жүзүн толук жаап алышат.

Химар – башка кийген, бети тешик жоолук, узундугу көбүнчө белге чейин болот. Чач,  моюн, ийин толук жабылат.

Жилбаб – кол менен буттан башка бардык дене жабылган узун сырткы кийим.  Бет өзүнчө моюн орогуч менен жабылат.

Чадра – кол үчүн да тешиги жок, бардык дене жабылат. Көп учурда башка өтө чоң эмес жоолук салынышат. Ирандык аялдар көп кийишет.

Дупатта – баштын айланасы оролгон, узун тик бурчтуу жоолук, аны менен ийин да буралып, төөнөлөт.

Аль-амира – баш кийими эки бөлүктөн турат, ичкиси бекем кыналып турат жана сырты моюн орогуч менен капталат. Баш, ийин, бардык дене жабык болот.

Бурка – бардык дене, анын ичинде аялдын жүзү да жабылган сырткы кийим. Болгону көз үчүн кичинекей тешик болот. Муну Афганистанда кийишет.  Пакистан менен Индияда кийилген бурканын бети же көзү ачык болот.[15]

Жыйынтык

Макалабызды хижабды бир топ аспектиден кароо менен жыйынтыктайлы.

а) Оронуу кураний маселе болуп саналат. Ошондуктан аны талкулоодо өтө этият болуу зарыл. Кимдир бирөө жалкоолуктан, ыкшоолуктан, кайдыгерликтен, эрксиздиктен тасаттурга кире албаса, ал күнөөкөр болуп саналат (Алладан үмүт кылынат). Бирок, тили менен каршы чыгып, «хижаб болбогон нерсе», «менин жоолугум менен кудайдын эмне иши бар?», «жоолуксуз деле мусулман боло алам», «хижаб караңгылыкка сүйрөйт» ж.б. аят-ы каримага каршы келчү сөздөрдү айткан болсо, ал тообо кылышы шарт болуп калат (бул мусулмандарга гана тиешелүү маселе). Ал эми ислам чийинен сырткаркы адамдарга тасаттурду таңуулоо да жарабайт. Анткени Алланын өзүн, Сөзүн кабыл албаган адамга жоолукту кабыл алдырууга мүмкүн эмес. Эгерде мусулман аялдар тасаттурга каршы адамдар тарабынан психологиялык-физикалык басмырлоого же радикалдык мамилеге дуушар болсо, мыйзамдуу жол менен укуктарын коргой алат. Себеби, КРнын Конституциянын 32-беренесинде мындай пункттар бар:

  1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

 

  1. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ.
  2. Ар ким диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  3. Эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

б)  Оронуу маселесин саясатташтырууга зарылдык жок. Жоолук салгандар салбагандарды кемсинтип кодулабашы керек. Себеби, динибизде мажбурлоо жок. Ошол эле учурда, хижаб кийбегендер кийгендерди шылдыңдоого, басмырлоого акысы да, укугу да жок. Тасаттур – дин талап кылган маселе болгондуктан, башка дин өкүлдөрү болобу же атеист болобу, аны сыйлашы керек. Тараптардын эч бири коомдук биримдикти, ынтымакты бүлдүрбөшү керек. Коом – жандуу организм. Анын кайсы бир жеринде маселе болсо, бардык жери жабыр тартат. Коомдук ынтымак, социалдык биримдик өлкө жарандарынын негизги орток принциптери болуп саналат. Дал ушул ынтымакты ыдыратып, өз ара чатактарды ырбатууну көксөгөн күчтөрдүн курмандыгына айланууга эч кимдин акысы жок. Адамдар бири-биринин ишенимине сый-урмат кылууга тийиш.

в) Оронуудагы момун аял ар кандай жагымсыз аракеттерден качышы керек. Ал Алланын бир өкүмүн аткарып, бирок башка өкүм-буйруктарды таштап салбашы керек. Бул биринчиден күнөөгө жеткирсе, экинчи жагынан хижабга терс көз караш жаратып коюу коркунучу бар. Ырас, Алланын буйругуна бай ийип, оронгон аял мурдагыдан да этияттап, бардык жерден такыбаа мусулман аялзатынын образын көрсөтүшү керек. Бул бүгүнкү исламофобиялык тенденция күчөгөн маалда аба менен суудай зарыл. Ал эми хижабды жаман көрсөтүү максатында дин душмандары тарабынан атайын «спектаклдар» коюлган болсо, акыреттеги  акыбети сөзсүз оор болот…

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев

Автор

riis.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *