Ислам изилдөө илимий институтунун конференциясы


shadow

Ислам изилдөө илимий институтунун конференциясы

«Кыргызстанда жаштардын радикализм жана экстремизмге каршы туруктуулугу маселеси» – деп аталган конференция 27-февралда борборубуздагы И. Арабаев атындагы КМУнун имаратында өткөрүлдү. Жыйынды Ислам изилдөө илимий институтунун жетекчиси Маметбек Мырзабаев ачып, изилдөөлөрдүн жүрүшү, мамлекетибиздеги жаштардын радикалдашуу менен экстремизмге таасирлениши, аларды алдын алуу максаттары тууралуу айтып кетти. Ислам илимий изилдѳѳ институтунун “riis. kg”  вебсайты катышуучуларга экран аркылуу көрсөтүлдү. Жыйынга күч органдарынын, коопсуздук кызматынын, дин комиссиясынын, диний уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана кызыгуучулар катышышты.

Иликтөө аймактардагы жаштардын, этникалык топторго тиешелүү өкүлдөрдүн, мектептерде, медреселерде окуган окуучулардын жана студенттердин ой-пикирлерин билүү максатында анкета аркылуу сурамжылоо жолу менен ишке ашырылган. Анализдер өлкөдөгү жаштардын: 1) жашоонун жеке сферасы, 2) саясий, 3) диний, 4) социалдык, 5) психологиялык багыттарындагы радикалдашуу маселелери боюнча жүргүзүлдү. Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуу маселеси татаал жана ар тараптуу, ар бир сферанын радикалдашууга байланыш себептери өз алдынча экендиги байкалды. Аймактар боюнча “Дискриминация тажрыйбасы түрдүү локацияларда” деген көрсөткүчтө Баткен облусу 74 % менен биринчи орунда, андан соң Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусу 29% кийинки орундарды ээледи. “Биздин мамлекет адилетүү деп санайсызбы?” деген суроого суралуучулардын 56 % терс жооп беришкен. Алардын ичинен 87 добуш мунун негизинде  коррупция (60%) жатат деп белгилешкен. Мусулмандардын абалы жана дин тутуу эркиндиги боюнча сурамжылоого 1-орунга – Кыргызстан, 2-орунга – Борбор Азия, 3-орунга – Россия, 4-орунга – Жакынкы Чыгыш чыккан. “Кыргызстандагы саясий система кандай образ менен өзгөрүшү керек деп санайсыз?” — деген суроого 40 % жооп берүдөн кыйналса, 32 % “тамырынан бери өзгөртүү керек” деп жооп беришкен. Буга чейин Парламентте көтөрүлүп, ЖМКда кызуу талкууга алынган “Таблиги Жамаатка” байланышкан “Кайсыл ислам топторуна симпатия бересиз?” деген суроого 45 % “эч кандай”, 16 % “Таблиги Жамаат” деп жооп беришкен. Калган ислам топторуна симпатия берегендер 2ден 5 % чейинкилерди түзгөн. “Таблиги Жамааттын” Кыргызстандагы белгилүүлүгү даабатка байланыштуу деген пикирлер да айтып өттү.

Конференциянын жүрүшүндө антрополог Эмиль Насритдинов АКШдан, Зарина Урманбетова Швейцариядан Skype аркылуу байланышып, изилдөөнүн өзгөчөлүктөрү жана жаштардын экстремизм жана терроризмге каршы туруктуулугунун негиздери тууралуу катышуучуларга кээңири маалымат берип жатышты. Швецариядан байланышка чыккан Зарина Урманбетова бүгүн ал жакта илимий ишин коргоого камынып жатыптыр. Жыйындын катышуучуларынын атынан бир ооздон ийгилик каалоолор айтылды. Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан суроолор узатылып, кызуу талкуулар жүрдү.

Жамал Фронтбек кызы, “Мутакали” коомунан: — Изилдөөлөр кайсыл аймактарда, кайсыл мезгилде жүргүзүлдү? Респонденттер кандай критерийлер менен тандалып алынды? Ишти жүргүзүүнүн усулдары жөнүндө айтып берсеңер? Ѳлкөбүздө 1,5 миңдей “Хизбут-Тахрирдин” өкүлдөрү бар. 180 медресенин 80дейи иштеп жатат. Диний окуу жайларды тандоодо кандай критерийлер колдонулду?

Эмил Насритдинов: — Сурамжылоону окуу процессине зыянын тийбесин деген максатта жайкы каникул мезгилинде жүргүзүлдү. Ош, Бишкек сыяктуу өлкөбүздүн ири шаарлары, эл көп жашаган айылдар, диний билим берген медреселер, аймактык теңдик принциби боюнча тандалып алынды. Ал эми кайсыл айыл же окуу мекемелери, суроого жооп бергендер боюнча атайын тизмебиз бар. Кызыккандарга өзүнчө жибере алабыз. Алгач изилдөөнүн жыйынтыгын 130 бетке кичи тамгалар менен жазып чыкканбыз. Кийин аны кыскартып, колуңуздардагы журналдын көлөмүнө түшүрө алдык. Суроо салынгандардын жаш курагы боюнча айта турган болсок, 14-18, 18-23, 24төн жогоркулар болуп үч категорияга бөлүнду. Канат Мурзабаев — изилдөөнүн методологиясына, Маметбек Мурзабаев – изилдөөнүн ишке ашышына, мени менен Зарина Урмамбетова — жыйынтыктарды иретке салууга, талаа иштеринин жүрүшүндө – Назира, Айпери, Ихболжан ж.б. кызматкерлер катышышты.

Акжол Оморов, дин комиссиясынын өкүлү: — Укук коргоо органдары менен кандай иш алып барылды?

Маметбек Мырзабаев: — Жетиштүү деңгээлде деп ойлоймун. Укук коргоо органдары иштин жүрүшүндө, айрыкча каттоого алынгандардын арасында иликтөө ишин жүргүзүүдө салымы чоң болду. Ошондой эле отчёттун акыркы беттеринде берилген “Хизбут-Тахрирге” байланышкан кыргыз, Сирияга барып келген уйгур менен өзбектин жеке окуяларын чагылтууда да жардам көрсөтө алышты.

Алмаз Исманов, медиа өкүлү: — Мени анкетадагы “Кыргызстандын светтик өлкө боюнча калышына кандай көз караштасыз?” жана “Кыргызстанды шарият менен башкарылышын колдойт белеңиз?” деген 29-30-суроолор кызыктырат. Бул порвокациялык суроо болуп калган эмеспи?

Эмил Насритдинов: — Эки суроонун өз ара байланышы бар. Биздин максатыбыз жаштар шарият жана светтик түзүлүш деген эмне экендиги тууралуу анык пикирлерин билүү болгон. Жыйынтыгында “Кыргызстанды шарият менен башкарылышын колдойт белеңиз?” деген суроого 34 % -жооп берүүгө кыйналып турам, 33 % — ооба, 32 % — жок деген жооп ала алдык.

Маметбек Мырзабаев: — Ооба, жаштар мамлекеттик система негиздүү түрдө өзгөрсө дейт. Бул изилдөө алгачкы аракетибиз. Мындан ары да улантуу боюнча пландарыбыз бар.

Назира Умарова: — Ишиңерге ийгилик каалап кетүү менен бирге менде мындай бир сунуш бар, кийинки изилдөөлөрүңөрдү жаш балдардын арасында эмес, студент курактагылардын арасында жүргүзсөңөр. Отчёттун жыйынтыктарын интернетке кеңири жазып жайгаштырып койсоңор. Маалымат алууга жеңил жана оңой болот. Негизинен чоң жумуш жасапсыңар, рахмат! Ийгилик!

Жамал Фронтбек кызы: — Эмки изилдөөңөрдү аялдар арасында жүргүзүлүшүн сунуштап кетер элем.

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *