Кайтар дүйнө


shadow
1939-1945 жылдар аралыгында фашисттик Германиянын зулумунан качкан 40 000 грек качкыны Сирия, Палестина жана Мысырда баш калкалаган эле. Бул өлкөлөрдө качкындар үчүн атайын лагерлер курулган. Алгач медициналык кароодон өтүп, лагерде орун алышкан. Жергиликтүү мусулмандар тарабынан аларга тамак-аш, кийим-кече таратылып турчу. Ар бир качкынга жакшы мамиле кылышып, кучак жайып тосуп алчу. Буга 1942 жылдын 11 январь күнү “Хуна аль-Кудус” гезитинин бетине сириялык аялдардын грек балдарына тамак-аш жана жылуу кийим таратуу боюнча кабары далил боло алат. Согуш доорунда Греция жана башка Европа өлкөлөрү ачарчылык менен күрөшүп жатканда, жардам колун Түркия жана Сириянын мусулмандары алгачкылардан болуп сунганын учурдагы саясатчылар унутуп койгон го баамда.
2015-2020 жылдар аралыгында Асад, шииттик Иран жана империалисттик Орусия баш болгон террордук топтун зулумунан качкан 5 000 000 качкын Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылды. Алардын 3,5 млн Түркиядан башпаанек тапты, бирок учурда бул өлкөнүн да абалы оор. Акыркы күндөрү миңдеген сириялыктар Грецияга башпаанек тапканга аракет кылып жатышат, бирок грек бийлиги аларды чоң-аталары сымал тамак-аш жана кийим-кече, жылуу чатырлар менен эмес, үн жана көздөн жаш чыгаруучу граната, ур-токмок менен артка кайтарууга аракет кылып жатат. Тээ илгери аман калган европалыктардын урпактары мынтип тез арада чек араларын жаап, темир зым менен курчанып, оор абалга калган качкындардан кутулуу жолун издеп жаткан учур. 80 эле жыл мурун ушул качкындардын бабалары ушул европалыктардын бабалары менен нанын бөлүшүп, жардам бербеди беле.
Европа өлкөлөрү жана аны сүйүүчүлөр, өзүңөрдүн маданиятыңарды жана анык жүзүңөрдү даана көрсөттүңөр. Силер жакшылыкка жамандык кылып жатсаңар да, биз мусулмандар учуру келип башыңарга мүшкүл түшсө, бул күндөрдү унутабыз жана жамандыкка жакшылык кылабыз. Анткени динибиз мазлумга жардам берүүгө тарбиялайт жана эч качан биз көөдөнү пастарга теңелбейбиз. Бул кайтар дүйнө, салынуу кашык экенин унутпагыла!

Автор

riis.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *