Касымов: Балээнин баары илим-билимибиздин аздыгында


shadow
Адам өзүн оңдосо деле эскисине тартып кетеби же кандай билбедим. Баягы айтат го кыргызда “көнгөн адат өлгөндө калат” – деп, караңгычылык дебейин бирок жетишээрлик илимдин жоктуктун айынан бирөө чыгып катуураак кыйкырып койсо артынан жабыла кыйкырып, кимдир бирөөнү жамандап койсо жабыла жамандап кетчү болдук. А-ай, бир кабарды чын төгүнүн билип туруп анан сүйлө, бул боюнча Куран аяты, хадистер бар деп атсаң деле укпай калыптырбыз… Баланча сайт жазды, түкүнчө молдо айтты деп эле оңтою келсе эле “бастырып” калып атабыз. Бир канча Ислам аалымдары “таклидий (ээрчиме) ыйман дурус эмес, жарабайт себеби ээрчип бараткан адамың динден чыгып кетсе сен дагы чыгып кетесиңби?” – деп терең изилденип пикир калтырышкан. Бул биздин темабыз эмес го бирок, ээрчиме анын ичинен сокур ээрчиме кылуу жакшы нерсеге алып барбаарын эмнегедир ушуга салыштырып эми гана жакшы түшүнүүдөмүн. Элибизге дин кабары жеткени менен түшүнүк жана практика жок экен. Динди намаз менен эле орозо деп билет экенбиз. Буга бирден бир себеп СССРдин коммунист уул-кыздары. Анткени алардын тарбиясы башка, динге душман же динден алыс кылынып тарбия алышкан. Аларды күнөөлөгүм жок. Айтайын дегеним дагы ал эмес…
Дагы бир себеп жашоо шартыбыз. Себеби илим талап кылуу бир топ материалдык байлыкты талап кылат.
Илимдүү динчилдердин жетишсиздиги. Айта берсе себеп көп, күнөөнү мойнуна илип коё салчу адамдар, өкмөт ж.б. нерселер дагы көп. Айтор ар кимди күнөөлөп, аркырап-күркүрөп чыга берсек болчудай. Бизге жарашып баратат. Бир нерсе болсо эле бирөөнү күнөөлөп чыкканга жедеп жаман көнүп алдык. Иттерди атпагыла деп чыкканыбыз эмнеси, бул жакта адамдарды бага албай атса! Бул адатыбызды көп айтылып жүргөн НПОщниктер каалашынча пайдаланып атат. Колдонуп атат. Ооба, КОЛДОНУП АТЫШАТ!!! КОЛДОНУЛУП АТАБЫЗ!!! Бир күнү ыргытылабыз, себеби колдонулган оокат кимге керек? КУДАЙ САКТАСЫН! Кудай дагы сактанган коомду сактайт. Ушунун баары илим-билимибиздин аздыгынан. Айтса эле, эки китепти арапчасынан, түркчөсүнөн, ж.б.часынан окуп алып эле улуу кичүүнү көзгө илбей акыл айтасың дейсиңер. Жо-ок, мен дагы силердин катарда түркөйлүгүмөн, караңгычылыгыман арыла албай талаалап, сандалып, изилденип жүрөм. Ошо бир эки китепти окуп түшүнүп калаарым менен мекенге кайтып кошунамдын эки баласына үйрөтсөм дагы колдон келгенин кылат элем, ИН ШАА АЛЛАХ! Кыскасы, жалпы кыргыз мусулман калкынан суранычым, “дааватчы, салафий, феточу” ж.б. аты аталбаган жамааттар, сенин жамаатың, менин жамаатым дебей, сокур ээрчиме же ашынган фанаттыгыңардын айынан ар кимге курал болбой жок дегенде ушундай кырдаалда ынтымактуу болбосоңор дагы касташпай, дуба кылышпасаңар дагы урушпай жөн туруп тургулачы. Абибилла ажыны же Максат ажыны же ж.б. жамандоо менен ар бир мусулманды жамандап, аркасын ачып атасыңар. Себеби карапайым калк феточу, дааватчы, салафий деп бөлбөйт. Мусулман деп кабыл алат.
Мусулман коомчулугуна чоң сыноо келип турган убакта бир жакадан баш чыгарбай эмне болуп атабыз? Акыретте эмне болоорубузду бир элестеттиңерби? Апасы баласын тааныбай калган убак эмес, оо балам сен үчүн жаным курман деп аткандагы кебетебиз ушул… Бирди көргөнү калганбызбы же??? Өзүбүздү оңдобосок жада калса Аллах Таала дагы ондобойт биздин коомду. Биз бир адамды эмес Исламды коргошубуз керек. Молдобу, аалымбы, шейхби, кудама же дамлабы ал биринчиден инсан, ката кетирет, унутат, билип же билбей кылат.
Кудай Таалам баарыбызга ынсап, бекем ыйман, сабыр берсин. Оюмду жана өтүнүчүмдү гана билдирдим, кимдир бирөөнүн заказы эмес, же кимдир бирөөнү коргоо же бөлүшүү максатында эмес. Одоно ката болсо айтсаңар оңдоого напсим жол берет.
Урматым менен Касымов О.

Автор

riis.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *