Кураандын маанисин түшүнүп окуп жатасызбы?


shadow

 

      Кураан  коомчулукта эң көп окулган китеп жана ар бир үйдө бар болгонуна карабастан, тилекке каршы мааниси түшүнүлбөй калып жатат. Алла Таала Кураанды «Кээ бирлери окуп түшүнсүн, ал эми калгандары түшүнүшпөсө да, арапча текстин окуп койуп, кулчулугун аткара берсин» деп түшүрбөгөнү анык. Кураан аяттарында «Чындыгында, Биз аны арапча Куран кылып түшүрдүк.  Мүмкүн силер акыл калчаарсыңар?» (Юсуф сүрөсү 2- аят), «Чындыгында, түшүнүүңөр үчүн аны арапча Куран кылдык» (Зухруф сүрөсү 3-аят ) деп буйрук кылып, Алла Таала биздин Кураанды окуп, түшүнүп жана ибадаттарыбызды Кураанда  көрсөтүлгөндөй аткаруубузду каалайт. Алла Таала пенделерине өтө адилеттүү, эч бир пендесине адилетсиздик кылбайт. Адилетсиздик кылуудан таза Зат. Кураанды бир эле коомго эмес, бүткүл адамзатка жана аны бардык элдер түшүнүүсү үчүн арапча кылып түшүргөн. Бул Алла Тааланын пенделерге кылган чоң жакшылыгы.

    Кураанды түшүнбөстөн туруп, бир гана арапча текстен окуп,андагы өкүмдөрдүн маани-маңызын билип алуу жана ага амал кылуу сиздин ойуңузча канчалык даражада мүмкүн? Мисалга алсак, күнүмдүк жашообузда беш убак намазыбыздын ар бир рекетинде Фатиха сүрөсүн окуйбуз. Намазыбызда Фатиха сүрөсүн окуп жатып, мактоо ааламдардын Роббиси болгон Аллага гана ылайык экенин, Анын Райымдуу жана Мээримдүү экенин, эсеп күнүнүн жалгыз Ээси экенин, Ага гана ибадат кылып, Андан ганажардам сураарыбызды жана бизди адашкандардын жолуна эмес, туура жолго баштоосун өтүнгөнүбүздү кыялыбыздан өткөрүп окуп жатабызбы? Намазда окуган сүрөлөрүбүздүн жана рукудагы, саждадагы дубалардын маанисин билбей туруп, намаздагы жалбаруунун (хушу-хузу) толук болушу канчалык даражада мүмкүн? Албетте, намазды ибадат үчүн окуйбуз. Намаздын эң чоң максаты ушул. Бирок ибадаттын маңыздуу болушу үчүн андагы окула турган нерселердин маанисин үйрөнүүгө аракет кылуу зарыл. Намаздан мурун кайсы сүрөлөрдү окуй турган болсо, ошол сүрөлөрдүн өз тилибиздеги маанисин окуп коюу, ибадаттын маңыздуу болушуна жана шайтандын азгырыктарынан сактанууга шарт түзөт.

    Кураан бизге туура жана катачылыктарды бири-биринен ажыратып, бейишке алып баруучу түз жолго түшүүбүздү камсыздоо үчүн түшүрүлгөн.  Бүгүнкү күндө Кураан өлгөндөрүбүздүн арбагын кубандыруу үчүн, көз тийгенден, сыйкырдан сактануу үчүн, ооруларыбызга шыпаа табуу үчүн жана намаздарда окулганы үчүн гана окулуп калды. Ал эми биз булар үчүн эле эмес, билбегендерибизди билүү үчүн да, окушубуз керек эле.  

     Кураанды арапча окуу жана аны угуу да ибадат болуп эсептелет.  Биз бул жерде арапчаны үйрөнүп, анан Кураанды түшүнүүнү максат кылбадык. Максатыбыз Кураандын маанисин түшүндүргөн котормолор аркылуу болсо да, Кураанда буйрулган өкүмдөрдүн маани-маңызын түшүнүүгө аракет кылуу. Кээ бир адамдар Кураанды окуганда тилдери келбей кыйналышат да, андан ары улантууну таштап койушат.  Мындай шылтоолорду бир тарапка таштап, котормолор менен болсо да, Кураандын өкүмдөрүн үйрөнүүгө бел байлоо  керек.  Көздөлгөн максатка жетүүдө котормолордун окулушу да, бир тараптан ибадат болуп эсептелет.  Кураанды үйрөнүүдөгү кыйынчылыктарга чоң сооптор берилээри пайгамбарыбызсаллаллоху алайхи васаламдын  көптөгөн хадистеринде бекемделип айтылган. Ошол хадистердин биринде: «Кураанды жакшы жаттап, жакшы окуган пенде сыйлуу, баш ийүүчү периштелер менен бирге болот.  Ал эми Кураанды тили келбей кыйналып окуса, ал адамга эки эсе сооп берилет» — деп айтылган. Аллах бардык ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Пенде ката кетирүүчү, эң туурасын Аллах билет.

                                                                                                            Жаныбек Апазов теолог

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *