КУТТУУ ҮЧ АЙ


shadow

Ислам дининдеги белгилүү ыйык 3 айга кирип олтурабыз. Жан дүйнөбүз тазарсын деген тилегибиз менен.

Хижрий жана камарий айлардын арасында олуттуу мааниге ээ «үч ай» деп өзгөчө аталыштагы Ражаб, Шабан жана Рамазан айлары куттуу айлар катары кабылданат.
Маалым болгондой бул үч айдын жана калган тогуз айдын тең мөөнөтү, айга карап белгиленет. Камарий (лунный) айлар менен григориандык айлардын мөөнөтүнүн ортосунда айырмачылыктар бар. Камарий жыл, григориандык жылга салыштырмалуу он бир күн кыска. Григориандык айлардан камарий айлардын дагы бир өзгөчөлүгү, бул айлар жылдын ар кайсы мезгилине туш келет. Маселен камарий айлардан саналган Рамазан айы, жылып олтуруп жылдын бардык мезгилин айланып чыгат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) маалымдаган кабарлардан улам бул айлар, мусулмандардын арасында зор мааниге ээ. Башкача айтканда Азирети Пайгамбарыбыздын айтканы бул айлардын эл арасында мааниге арзышына бир себеп болгон. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде: «Ражаб Алланын айы, Шабан менин айым, ал эми Рамазан болсо үммөтүмдүн айы» деген. Ражап айы кирип келгенде Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минтип дуба кылар эле: «Оо, Жараткан! Ражаб жана Шабанды биз үчүн куттуу кыл! Бизди Рамазанга жеткир!
Ражаб жана Шабан айлары, мээримдүүлүктүн айы саналган Рамазан айына кучак жайган сүйүнчүлөөчү айлар болуп саналат. Кишинин дилинде инсандык ариеттин, абийирдин, ахлактын жана адамгерчиликтин бышып жетилишине жана эркти көзөмөлгө алууга бул данакер үч айлардын бараандуу салымы зор. Анткени Ражаб жана Шабан айларынын жакшылыгынан жана бул айлардагы Рагаиб, Мираж жана Бараат түндөрүнүн мээриминен пайдалана алган адамзаада, Рамазан айында ар кандай жагымсыз көрүнүштөрдөн өзүн оолак тута алат жана адамгерчилик касиетин арттыра алат. Ошентип Кадыр түндө аткара турган ибадат жана тообокерчилиги менен рухий жыргалга сүнгүп кире алат. Анткени Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Рамазан келген учурда Бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет». (Муслим, Китабус-Сыям, 1)
Шабан айы келгенде Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көп орозо кармар эле. Алланын Элчисинин бул айдагы туткан орозосу тууралуу Азирети Аиша (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: «Шабан айындагыдай көп орозо кармаган башка бир айды учуратпадым». (Тежрид-и Сарих, VI, 295)
Куттуу кечелердин төртөөнүн ушул үч айда болушу, бул үч айлардын баалуулугун дагы да жогорулатып келет. Маселен, Рагаиб кечеси, Ражаб айынын алгачкы жумасынын түнүндө, Мираж кечеси болсо , Ражаб айынын жыйырма жетинчи түнүндө болот. Ал эми Бараат кечеси, Шаабан айынын он бешинчи түнүндө, Кадыр түн болсо Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнүндө болот.
Куттуу үч ай тууралуу Зуннун-и Мысрий мындай деген: «Ражаб үрөөн себүү, Шабан сугаруу, Рамазан болсо түшүм жыйноо айы».

КУТТУУ ТYНДӨР
Куттуу деген сөз, кайырды жана берекени туюнтат. Диний терминде башка түндөргө салыштырмалуу Улуу Алла Таала кайырдуу жана пайдалуу кылган түн болуп саналат.
Ибадаттар Ислам дининде камарий айларга карап буйрулган. Камарий жыл санакта оболу күндүн түнү, андан кийин түнү келет. Мындайча айтканда эртенки күн, бүгүнкү түн менен башталат. Маселен, бейшембиден жумага караган түн, жуманын түнү жана башталышы болуп саналат.
Алла Таала бул түндөрдү, башка түндөргө салыштырмалуу өтө пазилеттүү кылып жараткан. Ошондой эле аталган түндөрдө аткарылган ибадаттарга өтө салмактуу сыйлыктарды жазган.
Куттуу түндөрдүн саны жетөө. Алар:
1. Жуманын түнү: Апта сайын бейшембиден жумага караган түн болуп саналат.
2. Рамазан айтынын түнү: Бул болсо, Рамазандын акыркы күнүнөн рамазан айтына караган түн.
3. Курман айттын түнү: Зулхижжа айынын 10. түнү.
Жогоруда саналып кеткен куттуу кечелерде суралган дубалар жана жакшылыктар Жараткан Алла тарабынан ашыгы менен ыроолонот. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген: «Беш түн бар. Мына ошол түндөрдө суралган дубалар куру кайтарылбайт: 1-Ражаптын алгачкы жумасынын түнү (Рагаиб кечеси 2-Шаабандын он бешинчи түнү (Бараат кечеси), 3- Жуманын түнү, 4- Рамазан айтынын түнү, Курман айт майрамынын түнү».
4.Кадыр түн: Зоболосу бийик, атагы даңктуу болгондуктан «Кадыр түн» деп айтылып калган. Ислам аалымдарынын бүтүмү менен Рамазан айынын 27. түнү Кадыр Түн болуп кабылданган. Бирок Кадыр Түн Рамазан айынын башка түндөрүндө болоору да айтылып кеткен. Бул маселе тууралуу Алланын Элчиси бир канча хадис айткан. Бул хадистердин биринде мындайча буйрулган: «Кадыр түндү Рамазан айынын акыркы он күнүнүн так сандуу (21,23, 25, 27, 29) түндөрүнөн издегиле!» (ан-Навави, Риязус-Салихийин, II, Н.№1197)
Кадыр Түндө Алла Таала мындай деп буйруйт: «Биз Куранды шек-күмөнсүз Кадыр Түнү түшүрдүк. Сен ошол Кадыр Түндүн эмне экендигин билдиңби? Кадыр Түн миң айдан да кайырдуу. Периштелер жана рух (Жабраил) ал түнү Жараткандын уруксатын алып, өкүмдөр менен (жер бетине) түшүшөт. Ал түн, таң шоокум салганга чейин бейпил жана тынч түн». (Кадир, 97/1-5)
Демек бул сүрөнүн негизинде карай турган болсок Кадыр Түндүн көптөгөн бийик өзгөчөлүктөрү бар:
а) Кураны Карим, Рамазан айында ушул түндөн тарта түшүрүлө баштаган жана жыйырма эки жылда толукталган.
б) Кадир деген сөз жазымыш деген мааниге келет. Тактап айтканда, Алла Таала, тээ алмусакта сызып койгон жазымышты орундатуу үчүн периштелерге буйрук берген түн. Периштелер мына ошондуктан жер бетине түшүшөт.
в)Кадыр Түндө ушунчалык улуу жакшылыктар жана ийгиликтер бар, мындай жакшылыктар адамзат тарыхында миң жылда да жасалышы мүмкүн эмес. Кадыр Түн мына ошондуктан миң жылдан да кайырдуу, жакшылыктуу.
Бул түнү мына бул дубаны окуп жүрүүнү Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сунуштап кеткен: «Оо, Жараткан, Сен шек-күмөнсүз кечирүүчүсүң жана кечирүүнү да сүйөсүң, мени да кечир». (Риязус-Салихийн, Н. №1194)
5. Рагаиб кечеси, Ражап айынын алгачкы жумасынын кечеси болуп саналат.
Рагаиб деген сөз, сөздүктө кунт коюлган нерсе жана мол жакшылык деп которулат. Алла Таала тарабынан берилген руханий жакшылыктарга жана ийгиликтерге карк болгон Алланын Элчисинин ушул кечеде ыраазылык, шүгүр максаты менен он эки ирекет напил намазын окугандыгы маалымдалып калган.
6. Бараат кечеси Шаабан айынын он бешинчи түнүнө туш келет. Бараатты кыргыз тилине которгондо кыйынчылыктан кутулуу жана арылуу деген маанилерге келет. Алла Таала ушул түнү кечирим каалгаларын ачат. Момун мусулмандар болсо ыкластуу тооболорунун салмагына жараша күнөөлөрдөн арууланып, тазаланышат. Бул түнү, бир жыл ичинде боло турган иштерге өкүм бекитилип, орундатуу үчүн Алла Таала периштелерге уруксат берет. Түндү ибадат, дуба кылуу менен ал эми күндүзүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн шарапаты чоң.
Куранда, Бараат кечесине тийиштүү болгон аяттар бар. Анда минтип айтылат: «(Адал, арам жана башка өкүмдөрдү) ачык билдирген бул Китепке ант этемин, шек-күмөнсүз Биз аны кутту кечеде түшүргөнбүз. Биз чынында, натыйжада алдыга чыга турган кооптуу жагдайларды кабар берүүчүбүз. Ал (ушундай бир түн), бардык даанышмандык иштер, даргөйүбүздөн берилген буйрук менен ошол замат бөлүнөт(ишке аша баштайт)». (Духан, 2-6)

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Бараат кечеси тууралуу мындай деген: «Шабан айынын он бешинчи түнү келгенде, ибадат үчүн ордуңардан тургула. Жана ошондой эле ошол кеченин күндүзүндө орозо кармагыла. Анткени ошол кечте күн баткан соң Алла Таала дүйнөгө асмандын эъ акыркы кабатына түшүп келип таң кылайганга чейин: Менден кечирим тилеген жокпу, кечирип жиберейин. Менден ырыскы тилеген пенде жокпу, ырыскыландырайын. (Бир балээге) кабылган пенде жокпу, аны кутултуп алайын… » жана башка жакшылыктарын сунуштап кайрылат» (Ибн-и Мажа, Н. №1388)
7. Мираж кечеси: Ражап айынын 27-түнүнө туш келген түн «Мираж кечеси» деп аталат. Мираж мужзасы, Улуу Көчтөн бир жарым жыл мурда, 612-жылдын баштарында болгон. Бул түнү Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Меккеден Кудуска, Кудустан көккө көтөрүлүп, париштелердин кайып ааламына назар салып, андан да бийиктерге көтөрүлүп Жараткан Алла менен ортомчусуз сүйлөшүп кайткан. Мираж окуясы Куранда кыскача түрдө мындайча маалымдалат: «Пендесин (Мухаммедди) аяттарыбыздын (сырларыбыздан) айрымдарын көрсөтүү үчүн түндүн аз гана бөлүгүндө, Арам Мечитинен, айланасы касиеттүү кылынган Акса Мечитине жеткирген Алла бардык кемчиликтерден аруу. Ал Угуучу жана Көрүүчү». (Исра, 1)
Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам), түн бир оокумдун аз гана бөлүгүндө Каабадан Акса Мечитине чейинки сапары «Исра», Акса Мечитинен тээ асмандын акыркы кабатына чейинки сапарын «Мираж» деп аталат. Исра деген сөздү өзүбүздүн тилге которгондо «түнкү сапар» деген маанини берет.
Мираж түнүнүн маанилүүлүгү, ошол кечте Кудай Таала тарабынан билдирилген буйрук жана тыю салынган кабарлардын маанилүүлүгүндө жатат. Ал түнү жиберилген негиздерди бир канча топко бөлүп жыйнактоого болот:
1) Исламды тооруган кооптуулук алкагы, акыры барып таасирин жоготоору кабарланган.
2) Мурунку диндердин баарынын иши, өкүмү токтотулуп, Исламга өткөрүлгөндүгү жарыяланган.
3) Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам), Теңирий Кудереттүүлүктү чагылдырган Сидратул Мунтахага чейин көтөрүлүшү, адам чыгарган илимдин дагы да илгерилешине ишаарат кылат.
4) Адампенде менен Жараткандын ортосундагы эң маанилүү байланыш каражаты саналган беш убакыт намазды окуу, мына ушул түндө жамы адамзаадага парз кылынган.
5) Бакара сүрөсүнүн эң акыркы эки аяты Ислам үммөтүнө белек катары жиберилген. Бул аяттарда дин ишениминин маанилүү жактары жана нуска дуба кылуунун үлгүсү берилген.
6) Алла Таалага орток кошпогон момун мусулмандардын кечирилээри тууралуу сүйүнчү кабар билдирилген.
Мираж түнүнүн маанилүүлүгү тобу менен билдирилген мына ушул сыяктуу маанилүү өкүмдөрдө жатат. Асыресе Мираж түнүндө он эки ирекет нафил намаз окуу да, изги ибадат катары бааланат.
Ушул Куттуу Yч Ай, өтүмүштү таразалап, келечекке максаттуу жана күч-кайраттуу дем менен кадам таштоо үчүн адампендеге атайы сунулган эъ зарыл ийги мүмкүнчүлүк. Көр тирилик менен алпурушуп жүргөн кезде жашообузду көзөмөлдөп туруу системасын түптөөгө себепкер болгон Куттуу Yч Ай жана Ыйык Түндөр дүнүйөкорлуктан сыйрылып, жаратылуу максатыбызга ой жүгүртүүгө, Жараткан жана жаратылган жамы мукулукка болгон катнашты чыъап, өнүктүрүү үчүн эң кымбат мүмкүнчүлүк.
Мына ошондуктан, бул айларда намаз окуу, орозо кармоо, Куран окуу, дуба кылуу жана кечирим тилөө эң пазилетүү ибадаттардан болуп саналат.
Ушул айлардын жана куттуу түндөрдүн улук шарапатынан пайдалана алууну Жараткан Алла Таала баарыбызга насип кылсын. (Оомийн!)

Ак Башат казынасынан 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *