МАТУРИДИНИН ТАВИЛАТУ-Л-КУРАН АТУУ ЭМГЕГИНДЕ КОЛДОНУЛГАН БУЛАКТАР 


shadow

Матуриди жашаган доордо Аббасилер мамлекети мурдагы күчүн жоготуп бир канча Ислам дөөлөтү пайда болгон. Мындай башаламан чөйрөдө Матуриди Куран аяттарын ахл-и сүннөт ишениминин негизинде тафсирлеген. Ал тафсиринде сунни ишеним системасын бекем жана ишенимдүү жолго салган. 

Матуриди тафсир аалымы катары белгилүү болгондой эле калам жана фыкх аалымы катары да белгилүү. Анын “Тавилат” аттуу эмгеги тафсир жаатында атак-даңкка ээ болгондой эле, калам жаатында дагы атак-даңкка ээ болгон. Анын башка тафсир аалымдарынан айырмачылыгы аяттарды чечмелөөдө накл менен бирге акыл жүгүрткөндүгү болуп саналат. 

1. Тавилаттын булактары

Матуриди тафсир китебинде хадис китептеринен сырткары фыкх, фыкх усулу, лугат (тил илими), тафсир жана башка дагы көптөгөн булактардан пайдалангандыгын көрүүгө болот. 

2. Фыкхка байланыштуу булактар

Матуриди жазган тафсир китебинде көптөгөн хадистерден тышкары сахаба жана белгилүү аалымдардын көз караштарына орун берген. Хадис аалымдарынан сырткары фыкх, тафсир жана лугат аалымдарынын пикирелиринен сөз кылган. Өзгөчө Ханафи аалымдарынын жана кээде Шафинин (өл. ж. 204/819) көз-караштарынан пайдаланып, риваят да кылган. Бирок пикирлерди кайсыл булактан алгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Негизинен маселелерди чечүүдө Абу Ханифанын жана Ханафий аалымдарынын көз-караштарына басым жасаган. 

Матуриди эмгегинде бир канча жерде Абу Ханифа туурасында сөз кылган. Өзүнүн көз караштарын Абу Ханифанын көз караштарына таяндырган. Башка агым жана секталарга көрсөткөн корс мамилесин жана айткан сындарын Абу Ханифага каршы көрсөткөн эмес. Тескерисинче Абу Ханифанын көз караштарын колдоп-коштоп уланткан. Абу Ханифанын жазган эмгектерине жана пикирлерине түшүндүрмө берип, тафсир кылган. Насафинин айтымында, Матуриди анын эмгектериндеги пикирлерин далилдөө үчүн жазган.

Матуриди акыйдада Имам Аъзам Абу Ханифанын көз караштарын негиз алып, өзүнө таандык түшүнүктү пайда кылган. Ушундай түшүнүгү менен акыйдада ахл-и сүннөт имамдарынын бири болгон. Матуриди усулда да жана амалда да Абу Ханифа мазхабын карманган. Ал фыкхка байланыштуу аяттарды да тафсирлеген. Фыкх маселелеринде негизинен Абу Ханифанын (өл. ж. 150/797) фыкх жана калам көз караштарынан пайдаланган. Жалпысынан Абу Ханифанын пикирлерине ачык түрдө кошулбаган жер жок. Айрым учурда Шафиге да сын айткан. Фыкх аалымдарынын ортосунда талаш-тартыш жаралган маселелерде кээде өзүнүн пикирин ачык айткан.

Эмгегинде ханафийлер туурасында көп жолу кеп козгогон. Мисалы, Тавилатта: “قال اصحابنا” (биздин досторубуздун пикири) же болбосо “قال قوم” (аалымдардын көз карашы) деп келген жерлер Ханафийлердин пикирлери болуп саналат. Тавилатта аты аталган айрым фыкх аалымдар төмөнкүлөр: Абу Йусуф (өл. ж. 182/789), Мухаммед б. аш-Шайбани (өл. ж. 189/805), Хасан Басри (өл. ж. 110/728), Шафи (өл. ж. 204/820) жана аты аз аталган Зуфар б. Хузайл (өл. ж. 158/775) жана Авзаи (өл. ж. 157/774) сыяктуу мужтахиддердин көз караштарына орун берген. 

Матуриди танкид маселесинде чектен чыккан эмес. Куран жана сүннөттөн сырткаркы пикирлердин дагы туура деп айтууга болоорун белгилеп кеткен. Мисалы, Ниса сүрөсүнүн 59-аятында Аллага жана анын элчисине баш ийүү туурасында билдирилген. Матуриди аяттын тафсиринде “ижтихад” сөзүн колдонгон. Ижтихад кылууга үндөп, аны шарий далилдердин катарына кошкон. Чындыгында бул аяттан Матуридинин тавил маселесиндеги методун байкоого болот. Белгилүү болгондой ал, кандайдыр бир маселени чечүүдө алгач Куранга, андан кийин сүннөткө, акыр аягы мусулмандардын ижмасына баш багуу керектигин айткан. Бардыгын “او” (же болбосо) тамгасы менен тизмектеген. Бул жерде Матуриди булактарды тизмектегенин көрүүгө болот.  

Матуридинин эмгегинде акыйда маселелерине байланыштуу хадистердин саны өтө эле аз. Ал эми фыкх жана фыкх усулуна байланыштуу риваяттардын саны өтө эле көп. Демек, Тавилатты Ханафи фыкыхынын негизги булактарынын бири десек болчудай. 

Ниса сүрөсүнүн 43-аятында: “Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө (ажатканада барып кайтса) же аялыңар менен катнашта болсоңор анан жуунганга суу таппасаңар, таза топуракка таяммум кылгыла” – деп буюрулган. Бул аятка Матуриди мындайча түшүндүрмө берген: “Алла Таала муким болуп туруп ооруга чалдыккандын да таяммум алуусуна уруксат берген.” Аятта оору жалпы мааниде билдирилген. Оорулуу суунун ага зыян тийгизбей тургандыгынан коркпосо, анда таяммум алууга болбойт. Эгер оорулуу даарат суусунун ага зыян берээринен корксо, анда таяммум алса болот. 

Матуриди укуктук маселелерде Абу Ханифанын пикирлерине басым жасаган. Матуриди Абу Ханифа жана Ханафи мектебинин имамдарынан далил алган. Айрым учурда Имам Шафинин көз караштарынан да далил катары колдонгон. 

Ниса сүрөсүнүн тафсиринде мазхаб имамдарынын бешөөнүн аты аталган. Бул боюнча Матуриди белгилеп өткөн фыкх аалымдарынын айрымдары төмөндө билдирилген. 

Матуриди фыкх аалымдарынын пикирлеринен айрым учурда пайдаланып турган. Бирок кайсыл булактан алгандыгы туурасында маалымат жок. Тавилатта фыкх жана фыкх усулу китептеринен маалымат алган десек болот. Ал эң көп Ханафи аалымдарынын пикирлеринен пайдалангандыгын көрүүгө болот. 

3. Лугатка байланыштуу булактар 

Матуриди тафсирин жазууда лугат (тил илими), сарф (араб тилинин морфологиясы), нахв (араб тилинин грамматикасы) жана башка илимдерден көп пайдаланган. Кээде балагат илиминен да алгандыгын көрүүгө болот. Ал китебинде лугат аалымдары жөнүндө маалымат бергендигин көрүүгө да болот. Мисалы, Йахйа б. Зияд аль-Фарра (өл. ж. 207/822) жана Али б. Хамза аль-Кисаи (өл. ж. 198/805) сыяктуу лугат аалымдарынын көз караштарын билдирген. Ал лугат жана тафсир аалымдарынын пикирлерин билдирүү менен гана чектелип калган эмес, аны так изилдеп, темага түшүндүрмө берүүгө аракет жасаган. Кээде алардын пикирлерин негиз алса да, кээде далил катары өзүнүн пикирин жактаган. Мисалы, Ниса сүрөсүнүн 86-аятынын тафсиринде аль-Кисаинин пикирин колдонгондугун көрүүгө болот. Ал бул аяттагы “حسيبا” сөзүнүн “الحساب” сөзүнөн келип чыккандыгын, Исра сүрөсүнүн 4-аятындагы “حسيبا” сөзү менен бир мааниге келгендигин жана “والقادر والقدير والآمر كالأمير” “حاسبًا” деген маанилерге келээрин айткан. Али б. Хамза аль-Кисаи: “Алла аларды кылган иштери үчүн төмөнгө кагып салган” деген аяттагы “أركس” сөзүнүн эки мааниси бар экендигин айткан. Биринчиси мен аны тескери бурадым (أركسته في أمر كذا و كذا و ركسته) маанисине келет. Экинчиси адам баласы жакшы абалдан жаман абалга кайтканда аны (ارتكس الرجل اذا وقع فيه و رجع اليه (Адам баласы жакшы абалдан жаман абалга кабылып кайра кайтса ага башы төмөндөп калды деп айтылат). Бул боюнча Ибн Масъуд (р.а.) (өл. ж. 32/652-53) жана Хафса бинти Умар (өл. ж. 45/665) мындай деген: “أركسهم” сөзү “ردهم” (тескери буроо) дегенди билдирет. Ал эми Ибн Аббастын (р.а.) айтымында (өл. ж. 68/687-88), “أوقعهم” (түшүрүү) дегенди туюндурат. 

Матуриди Ниса сүрөсү 173-аятта айтылган: “Ал эми менменсинип бой көтөргөндөрдү жана текеберденгендерди” деп катары менен келген “الاستنكاف” (бой көтөрүү) менен “الاستكبار” (текеберленүү) сөздөрүнүн маанилери боюнча экөө тең бирдей маанини билдирет деп айткан. Андан кийин аль-Кисаинин бул темага байланыштуу түшүндүрмөлөрүнө орун берген. аль-Кисаинин айтымында, аятта башкача эки сөздүн бир жерде келүүсү араб тилинин кооздугу жана сулуулугу болуп саналат. Мисалы: “الحال” жана “البال” (абал, жагдай) сөздөрүнүн маанилери бирдей болгону менен экөө тең “كيف حالك و بالك” болуп бир жерде колдонула берет. Буга окшогон сөздөрдү Курандан жана шиирден (акындардын ырларынан) көп кезиктирүүгө болот. Бирок “الاستنكاف” жана “الأنفة” сөздөрүн Аллага таяндырууга болбостугун, ал эми “الاستكبار” сөзүн болсо, Аллага таяндырууга болоорун айткан. Бул жагынан алып караганда экөөнүн мааниси эки башка. Чындыгында экөөнүн ортосунда айырмачылык деле жок, маанилери бирдей экендигин, белгилеген. 

Ниса сүрөсү 85-аятта “مُّقِيتا” (азыктандыруучу) сөзү жөнүндө ар кандай пикирлер айтылган. Мисалы, Ибн Аббастын (р.а.) айтымында “هوالحافظ” (сактоочу, коргоочу), кээ бир аалымдар “حسيبا” (эсепке алуучу), айрымдары болсо, “شهيد” (күбө болуучу) дегенди билдирет, дешкен. Матуриди андан кийин Йахйа б. Зияд аль-Фарра (өл. ж. 207/822), Али б. Хамза аль-Кисаи (өл. ж. 198/805) жана Абу Бакр аль-Кисаи сыяктуу лугат аалымдардын көз караштарын пайдаланган. аль-Фарра жана Али б. Хамза аль-Кисаинин билдиришинче الْمُقِيت /المقتدر ” (күчү жеткен, күчтүү) маанисинде жана “أَقاتَ، يُقِيت إِقاتة” болгон “الْقُوتِ” сөзүнөн келип чыккан. Бирок Абу Бакр аль-Кисаинин айтканы боюнча “сөз эски китептерден алынган жана биздин тилибизден андай сөз жок. Биз тавил кылбайбыз. Себеби биздин тавилибиз тескери маани берип калышы мүмкүн.” Белгилүү болгондой Матуриди бир канча лугат аалымдын пикирлерине орун берген. Соңунда жалгыз гана Алланын биле алаарын баса белгилеген. 

Булар сыяктуу бир нече лугат аалымдын аты аталган. Алардын көбүнчөсү тафсир, хадис, фыкх, калам аалымы катары белгилүү болгондой эле нахв (араб тилинин грамматикасы), кыраат жана адабият илими боюнча да белгилүү болгондор. 

4. Тафсирге байланыштуу булактар

Башка тафсир аалымдары сыяктуу Матуриди дагы өзүнөн мурун жашап өткөн тафсирчилердин пикирлерине маани берген жана алардын далилдерин кээде өзүнүн көз карашын күчтөндүрүү максатында колдонгон. 

Матуриди эмгегинде негизинен өзүнөн мурунку тафсир аалымдары туурасында “قال أهل ألتأويل” деп шилтеме берген. Кээде “قال المتأولون” сөзүнү колдонгон. Тафсиринде “أهل التأويل/Ахлу-т-тавил ve المتأولون/Мутавилуун” сөздөрүн өтө көп кездештирүүгө болот. Башка дагы тафсир аалымдары сыяктуу өзүнөн мурунку аль-Фарра (өл. ж. 207/822) жана ат-Табари (өл. ж. 310/923) сыяктуу атагы чыккан тафсирчилердин булактарынан пайдаланган жана алардын тафсир китептеринен өтө көп маалымат алган. Негизинен Матуриди: “قال أهل التفسير, قال أهل التأويل, قال بعض أهل التأويل قال عامة أهل التأويل, قال قوم, قال بعضهم, أهل العلم же болбосо أهل العلم قال بعض” сыяктуу сөздөрү менен өзүнөн мурунку тафсир аалымдарынын пикирлеринен пайдалангандыгын билдирет. Матуриди өзүнөн мурунку китептердин аттарын да, авторлордун аттарын да атаган эмес. Кайсыл булактан алгандыгы жөнүндө маалымат жок. 

Матуридинин тафсир аалымдарынан шилтеме бергендигин айтып өктөнбүз. Мисалы, эң көп ат-Табаринин тафсиринен пайдалангандыгы иликтөөбүздүн натыйжасында белгилүү болду. Кээде аль-Фарранын (өл. ж. 207/822) тафсиринин дагы пайдаланган.

Алардан кийин эле эң көп Абу Бакр аль-Асам (өл. ж. 200/816), Мукатил ибн Сулайман (өл. ж. 150/767) жана аль-Калби (өл. ж. 146/763) сыяктуу аалымдардын булактарынан пайдаланган. 

Матуриди тафсиринде кээде кыраат жана мусхаф айырмачылыктарынан сөз кылган. Бул боюнча Имамоглу мындай деген: “Матуриди кээде кыраат жана мусхаф айырмачылыктарын тафсирге жардамчы катарында пайдаланган. Кээде түрдүү кырааттарды тафсирлөө үчүн алган. Мындан сырткары аз да болсо кыраат айырмачылыктарынан сөз кылган. Мусхаф жана кыраат айырмачылыктары туурасында сөз кылган эмес.”

Матуридиден кийин жашаган аалымдар да анын тафсир китебинен пайдаланган. Мисалы, Замахшари “Кашшаф” аттуу тафсир китебинде Тавилаттан шилтеме берген. Сунни аалымдардын арасында Тавилат таанылбагандыктан дираят тафсири катары билинген Фахраддин ар-Разинин “Китабу-л-арбаин” эмгегинин бир жеринде жана “Мафатиху-л-гайб” аттуу китебинин беш жеринде Тавилатты шилтеме кылган. Абу Хаййан аль-Андулуси “Бахру-л-мухит” китебинде (III, 364) Тавилаттын атын атап өткөн. 

Автор: Жусупов Майрамбек (Теологиянын доктору (Ph.D.), ОшМУ Арашан гуманитардык институту дин таануу факультети)

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *