МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ (1823-1886)


shadow

Өмүр баяны жана чыгармачылык жолу

Кыргыз маданиятынын тарыхында эң табышмактуу чыгармачыл адамдардын бири, кыргыздын чыгаан жазмачы акыны, ойчулу, философу – Молдо Нияз Эрназар уулу. Колдо бар материалдардын жана үзүл-кесил изилдөөлөрдүн негизинде Молдо Нияз 1823-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызылбулак деген жеринде туулуп, 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ошондой эле айрым билдирүүлөргө караганда Молдо Нияз араб, фарсы, чагатай (оозеки түрк тили) тилдерин жакшы билген жана ошол тилдерде жаза алган, сүйлөй алган билимдүү адам болгон.  Тарыхчылар Т. Чороев менен Б. Урстанбековдун «Кыргыз тарыхы» деп аталган чакан энциклопедиялык сөздүктө жазышынча, Молдо Нияз «кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири» жана «Кашкар шаарындагы медреседен билим алган».

Адабиятчы Садык Алахандын ырасташынча, Совет доорунда Молдо Нияз жөнүндө академик Болот Юнусалиевдин бир чакан макаласын айтпаганда, башка бир да эмгек жазылбаган.

Акындын араб арабинде жазылган ырларын крилицага көчүрүп, өзүнчө жыйнак кылып чыгарууга илимпоз катары чоң эмгегин үрөгөн Омор Соороновдун жазышынча, «Молдо Нияздын өз колу менен жазып, түптөп жана китеп кылып жасаган 7 колкитеби болгон экен».

Молдо Нияздын дагы бир изилдөөчүсү жана жердеши акын Эгемберди Эрматовдун эл оозунан угушунча, анын ондон ашуун ыр китеби болгон.

Акын өз чыгармаларында өмүр-өлүм, адеп-ахлак, бейадепсиздик, жаманчылык-жакшылыкка байланыштуу турмуштук-философиялык темаларга, Кокон хандыгынын аймагындагы кыргыздар баштан кечирген тарыхый окуяларды чагылдырып, Алымкул аталык, Курманжан датка, Полот хан сыяктуу журт башылардын ишмердиги тууралуу да маалымат берет.

«Молдо Нияз: Санат дигарстар» деген аталышта 1993-жылы жарык көргөн жыйнактагы ырлары тастыктагандай, акын Түндүк жана Түштүк кыргыздары байырлаган жерлерди, Кашкар, Бухара, Самарканд тарапты кыдырып чыккан.

1993-жылы ноябрь айында кыргыз коомчулугу жазмачы ырчынын 170 жылдык мааракесин кеңири белгилеген.

Акын өзүнүн адабий чыгармаларын негизинен санат формасында жазган. Ушул жагынан алганда анын элдик оозеки поэзиянын салттары, канондору менен тыгыз байланышы сезилет. Ошондой эле Молдо Нияз чагатай, фарсы, араб тилиндеги айрым поэтикалык адабий үлгүлөр менен тааныш экени акындын чыгармаларынын мазмунунан, айрыкча тилдик курулмаларынан көрүнүп турат. Чыгармаларында адамдардын жүрүш–турушубу же коомдук турмуштагы кубулуштарбы, алардын ички маңызын ачып көрсөтүүдө исламдык диний көз караш, жол жоболор дайыма үстөмдүк кылат.

Баарынан мурда Молдо Нияз диний ойчул катары «бу дүйнө», «тиги дүйнө», дегеле жаратылыштын жаралышы жөнүндө ойлонот, айлана-чөйрөнүн, дүйнөнүн кубулмалуу касиет–сапаты жөнүндө айтат. Акын «тиги дүйнөнү» төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

Байыркы сөздөн атмак жок,
Базарга мал сатмак жок
Мындагыдай мүлкүң жок
Рахат уйку күлкүң жок
Атка минип желмек жок
Үйүңө кайтып келмек жок…

Хатун – бала сүймөк жок
Кадырлуу азиз бул башың
Кара жерге коюлар
Эти – териң союлар
Эки көзүң оюлар…

Келтирилген саптардан акындын турмушка, жаратылышка болгон көз карашы ачык эле көрүнүп турат. Ал турмуштун, табияттык көрүнүштөрдүн дайыма кубулуп, токтолбой өзгөрүлүп тураарына ишенет, ошондуктан акын чыныгы турмуш менен адамча жашоого, ак ниет, адилет болууга, диндик жол жоболордон чыкпай, аны таза сактоого чакырат.

Башка бир жагынан алып караганда Молдо Нияздын дүнүйө жөнүндөгү санаты кыргыздын башка акындарынан (төкмө акындарынан да, жазма акындарынан да) айырмаланып турат. Баарынан мурда ички мааниси боюнча. Акын өзүнүн диний көз карашына ылайык «дүнүйөнү» экиге бөлөт. Анын түшүнүгү жана далилдөөсү боюнча эки «дүнүйө» бар:

«О дүнүйө» жана «бу дүнүйө»

Аманат жалган бу дүнүйө,
Анда болбос о дүнүйө.
Беш күн өтөр бу дүнүйө,
Бейиштин жайы о дүнүйө,
Жалгандын жайы бу дүнүйө,
Мал кылаар жайың бу дүнүйө,
Максатка жетер о дүнүйө.
Башың кетер бу дүнүйө,
Барар жериң о дүнүйө.

Бул ыр саптарындагы ойлор Ислам дининин, Курандын аяттарынын белгилүү жол–жобо, көрсөтмөлөрү экени ачык эле көрүнүп турат. Акын ушул белгилүү эрежелерди ырга айландырат, адамдын карапайым турмушу, тагдыры менен байланыштырат, акырында келип, «о дүнүйө» менен «бу дүнүйө» карама-каршы коюу натыйжасында адамдын жашоосу, өмүрү үчүн кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин аныктайт. Молдо Нияз муну менен эле чектелбейт, эки дүнүйөнү бөлүштүрүүнү ого бетер жиктейт. «О дүнүйөнү» — жакшыга, «бу дүнүйөнү» — жаманга ыйгарат.

Эгем билет эсебин

Бисмиллахир рахманир рахим

Ыраак кылып шаардан
Бейнасип кылды Кудайым.
Жакшылардын бахридин.
Жаратты бизди кыр жерге,
Жамаат намаз окубай
Жашыбыз жетти бир жерге
Узатса жетип ар жерге
Узун кылып Кудайым.
Баазилардин колуну,
Кайырсаха кылалбай
Каралга жетти жашыбыз.
Кантип таап кетебиз.
Акыреттин жолуну?
Сапарын каттык ыраакка
Бул жалганчы дүнүйөдөн
Өлүп барсаң бир күнү
Периште кирет суракка.
Жообуну бербесең,
Жаның калар фракка.
Жан Эгем койгон муаккил
Жалынсаң койбойт буякка.
Жан күйөрдөн айрылып,
Жайланасың шуякка.
Баары калып кайтмак жок
Байланасың тиякка.
Байыркы сөздөн айтмак жок,
Базарга мал сатмак жок.
Мындагыдай мүлкүң жок,
Рахат, уйку, күлкүң жок.
Атка минип желмек жок,
Үйүңө кайтып келмек жок.
Айткандай сөз демек жок
Ичип, кийип, жемек жок.
Кубанып тон киймек жок.
Катын, бала сүймөк жок.
Кадырлуу азиз бу башың
Кара жерге коюлар,
Эти – териң союлар,
Эки көзүң оюлар,
Кара чачың төгүлөр,
Жүүндөрүң сөгүлөр,
Турпак толоор көзүңө
Турфа күн түшөр өзүңө.
Карындаш келбес кашыңа,
Каттык күн түшөр башыңа.
Жан Эгем койгон асыл жан
Бир күндөрү кас кылар.
Эгиз боюн пас кылар
Этиңди куртка аш кылар.
Желкеңден башың үзүлүп,
Жер тагинда таш кылар.
Жаның тандан үзүлсө,
Жайланбай жаның кыйналса
Адамзат алың не кечер?
Ауалыдан мен айтсам
Жан Эгем өзү жараткан
Он сегиз миң ааламды
Арши күрс, лауху, каламды.
Өзү калкка жаратты:
Ауал Адам атаны.
Себеп болуп Азазил
Билип туруп өлүмдү
Бандалар кылат катаны.
Үмүт кылат бандаси
Кудайымдын бир аты
Гаффар кылар атааны.
Банданин иши хатарлик
Хакийкат падыша Кудайым
Кылар бекен саттарлик?
Арзынча болсо гүнахи
Азап кылат Кудайым.
Пайтахтта отурган
Падышаны алат бир күнү.
Хүкүмү кетип колудан
Башыдагы бөркүнү.
Падышалардын падышасы
Жан Эгемдин бир аты
Жаббар деп үмүт кылабыз.
Хатарлуу банда күнахлар
Гаффар деп үмүт кылабыз.
Хакыйкат мараз – касалга
Табып деп үмүт кылабыз.
Өз нурудан жараткан
Хабиб деп үмүт кылабыз.
Масала билген молдолор
Макүрү дейт күманди.
Жазыктуу банда күнахкар
Жан Эгем берсин ыйманды.
Бөз кылат касип тандани
Шайтан жолдон азгырат
Кам сүт ичкен бандани.
Пайгамбарым үммөт деп
Аси, жафи, гүмрахни
Кыяматтан хавфи кам
Ыйман жолдош хамрахни.
Касип токуйт парчани
Каафир коруйт арчаны,
Бөзчүлөр салат нашчани,
Атка салат шалчаны.
Йавмүлжаза каттык күн
Жаннати кылсын жайини.
Жамалыны көрсөтүп
Жалакасын барчани.
Азабы каттык тозоктон
Аман кылсын Кудайым

Асан Саипов, Теолог

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *