МУСУЛМАН АЯЛ

Бардык жалгыз бой аялдарга: сүйүү тууралуу сыр сөз


shadow

Бул макала дүйнө жүзүндө канча жалгыз бой кыздар болсо, мына ошолор үчүн.

Жигиттер, эркектер, силерге мунун кереги жок, окубай эле койгула!

Ошентип, сөзүбүздү баштайлы.

Жалгыз бой аялдар 3 топко бөлүнөт:

* Жалгыз жана бактылуу.

* Жалгыз жана бактысыз.

* Жалгыз жана бактысыз, бирок бактылуу болгонго аракет кылган (бактылуу болуп көрүнгүсү келген)

Жогоруда саналып өткөн топтун ар бирине кеңири токтолуп чоң сөз кылууга болмок, бирок макаланын көлөмү ага жооп бербегендиктен, мага түшүнүктүү болгон топ тууралуу гана билген-эткенимди айтып берейин.

Жалгыз жана бактысыз?

“Бактылуу болуу үчүн эркектин кереги жок!”

“Сен кантип өзүңдү жалгыз сезесиң?  Кашыңда сүйүктүү үй бүлөң, көп курбуларың бар!”

“Сен турмушка чыгам деп оолугуп, аны менен ооруп калыпсың, токтотчу андайды! Өзүңдү, карьераңды ойлосоң боло!”

Мына ушундай сөздөрдү жакындарыңыздан көп эле жолу уктуңуз болуш керек. Демек, биз көрүп-билип эле жүргөн, а турсун өмүрлүк жолдошу бар эле тааныштарыңыз сиздин жалгыздыгыңыздын мазмуну тууралуу такыр туура эмес түшүнүктө экен. Алардын берген жогорудагыдай кеңештеринин да сизге кымынчалык пайдасы жок.

Ансыз да жалгызсыроодон жабыгып турган жаныңыз тигиндей кеп-кеңештерди укканда ого бетер чөгүп, өзүнүздү андан бетер бактысыз сезишиңиз мүмкүн.

 Исламда сүйүү деген эмне?

Үй бүлө курууну эңсөө, аны үчүн өз түгөйүңүздү табууну каалоо сезиминин эч кандай деле тартынып-кысына турган, уяла турган нерсеси жок. Эми өзүңүз ойлонуп көрүңүз, Адам алейхиссалам (Ага тынчылык болсун) баары идеалдуу, баары бар, кайгы-капасы, жакырчылыгы, оору-сыркоосу жок, жегенге, ичкенге бүт баары бар , (канча ичсе жесе да семирип толуп кетпеген) кадимки ажайып Бейиште жашаган. Ошенткенине карабай ал өзү жалгыз бактылуу боло алган эмес, андыктан ага оюн, сезимин, кубанычын бөлүшөөр шерик керек болгон.  Анан кантип ойлойсуз, Аллах (Ага мактоолор болсун) Адам атага эш болсун деп тууган бердиби? Уул бердиби? Санаалаш дос бердиби?

Жер жүзүндөгү алгачкы адам менен адамдын мамилеси – бул аял менен эркектин ортосундагы мухаббат мамилеси.  Аллах Адам атага башын жөлөөр, ага үй болуп берээр жан болсун деп АЯЛды берди.

 «Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңордо махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Анын белгилеринен.  Чындыгында ой жүгүртсө ушуларда белгилер бар» (Куран, 30:21).

Көрсө, ар нерсени анын карама каршы жагынан таанып билүүгө болоор экен: ысык-суук, кара-ак, бейиш-тозок, бийик-жапыз, жаман-жакшы деген сыяктуу. Өзүңүздүн мугалим сезгиңиз келсе, демек сизге өзүңүз окута турган окуучу керек. Бактылуу мүнөттөр эмне экенин билүү үчүн, кайгы-капа деген эмне экенин даамдап көрүү кажет. Анын сыңарындай, энени ымыркай гана эне катары сездире алат, аялды эркек гана аял сездире алат.

Баарыбызга бу жашоодо жан дилибиз менен берилип сүйө турган, бизге өзүнүн сүйүүсүн арнап, коргой турган, түтүн булатып бала-чакалуу боло турган өмүрлүк жан шерик керек. Аллах (Ага мактоолор болсун) бизди мына ушундай табиятта жараткан жана бул эң бир керемет жаратмандык.  Үй бүлөлүү болууну, бала төрөөнү (балким беш, балким он балалуу) самоо аялды алсыз, аңкоо же бир бечара кылбайт, аял мындй каалоолору менен ого бетер күчтүү болот!

Ал эми жалгыздап жашаган, ээн жашаган аял, бойго жеткен кыз жан жакасында канча курбулары, достору, жакшы маяналуу жумушу болгон менен, баары бир жалгыздыктын кээрин тартпай койбойт. Жалгыздык – оңой менен көнбөй турган өжөр сезим. Жалгыздык акыры барып сизди талкалап, аеосуз быт-чытыңызды чыгарып, анын артынан кандайдыр коркунуч келип, көздөгөн максатыңыз кандай экенин түшүнбөгөн сезимдерге оролуп, кайгыга чөгүүңүз ыктымал. Жалгыздап жашаган аялдарга көңүл айтымыш этип, “өз жашооң менен жаша” деп акыл айткандардын бул сооротуусу азыр тек гана бир кургак сөз болуп калды, андай кеңеш баары бир жардам бербейт.

 Турмушка чыгуу – жалгыздыктан жабыркаган абалдан чыгуунун бирден бир аргасыбы?

Бу жашоонун шары менен жүрүп кээ бир аялдардан момундай бир кептерди угабыз:

“ Турмушка чыгаарын чыктым, бирок баары бир өзүмдү бактысыз жана жалгыз  сезем. Үлпөт той болоору менен жашоо сыйкырдуу түрдө жакшырып кетчүдөй боло бересиң. Сүйүүсү жок эле турмушка чыгып, өзүн бактысыз сезип жашагандан көрө, турмуш курбай эле жалгыз жашоону артык көргөн аялдап тууралуу эмне дээр элеңиз?”

Кандай деп түшүндүрсөм… Ооба, кээде жалгыз эмес көпчүлүк арасында жүрүп деле өзүңдү жалгыз сезе берген учурлар кездешээри чындык. Турмуш куруп анан андай жашоодо ар кандай эмоциялык ачуу кырдаалдарга кабылып, руханий түрдө да жабыркап, кол менен бир бирин какыс-кукус кылган, муштаган мамилелерге караганда турмуш курбай, жалгыздыкта жашап өзүн бактылуу, үмүтүү сезген аялдардын бар экендиги да ырас. Турмушка чыгаарын чыгып алып, жалгыз бой кыздарга, аялдарга суктанып, “ошонун ордуна ушу мен болсом кана..” деп эркиндикти, нормалдуу психиканы, кадыресе беймарал жашоону эңсеген аялдар өтө көп.

Ким көп жабыркайт: бактысыз жана жалгыздарбы же бактысыз жана турмушка чыккандарбы?

Мунун тегерегинде бүтпөгөн талкуу кылып, көпкө чейин талашууга болоор эле, бирок эки тарап тең макул болчу момундай бир талашкыс учур бар: эки тарапта тең ыстакандын жарымы сууга толуп, жарымы бош экенин моюндарына алышса керек? А бирок жалгыз жана бактысыз тараптын да, турмушка чыгып бактысыз болгон тараптын да жеке жашоолору керемет жомок эместир? Эки категориянын тең өзүнө жараша түйшүктөрү, проблемалары албетте бар.  Кай бири жалгыздыктын айынан өзүн өзү жок кылгысы келип, жалгыздык жанга баткан учурлары болсо; кай бири   күйөөсүнүн үй жаңырта коңурук тартканынан, телевизор көрүп жатып асман айга секире жинденип кыйкырганынан тажап аны өлтүрүп салгысы келген кездер болот. Кыскасы, эки тарапта тең баары ойдогудай эмес! Болгон айырма баягы эле, экөөнүн тең ыстыканындагы суу жарымына чейин кылкылдап турат, а жарымы бопбош. Эки типтеги аял тең жашоосунда жалаң жакшы нерселерди байкоого, кандайдыр окуянын майда-чүйдөсүн эмес, аны толугу менен бүтүн кароого, ал окуялар менен жеке дүйнөсүн эмне бириктирип турганын аңдоого аракеттенишет. Алар кандайдыр садага чабылган сары улак ролунда эптеп-септеп жашоо өткөрүп жаткан бир бечара катары эмес, жашоону жашоодой сезип жашаганга далалат кылышат. Аябай таң калаарлык угулушу мүмкүн, бирок бул ырасында эле ошондой. Маселе, биз эмнени көрүп жатканыбызда эмес, башкы маселе – биз кантип көрүп жатканыбызда.

Мамилелериңиздин кандай экендигине, балким жалгыздыгыңызга, турмуш курган же ажырашкан абалыңызга карабай кандайдыр кереметти күтпөй эле, ар кайсы абалда бакыт, кубаныч таба алган өзүмдөгү сыр кеңешти айтайын…

Эн бир кооз, ичи жарык, кенен, кубаныч менен сүйүнүчкө толгон бөлмөдө олтурасыз дейли. Кымкап шейшеп жабылган керебеттин баш жагында роза гүлдөрү салынган ваза, анын жанындагы кичинекей сандыкчаларда атыр жыттуу шамдар, сиздин жан дүйнөңүзгө гана тиешелүү кереметүү эскерүүлөр, аруу сезимдер сакталып турат деп коюңуз.  Эми элестетиңиз, ошол бөлмөгө баш багууну самап, ар жолу ал жакка кирүүнү каалаган сайын, антпестен эле кайра эшигин кулпулап, ачкычты болсо бирөөгө бересиз. Бейпил, тынч бөлмөдө кубанычтуу сезимдерге балкып же тек гана ал жерге барып мемиреп уктоону каалаганда, тиги ачкычты берген кишинин астына барып аны кайра суроого туура келет. А ачкыч алып жүрчү кишиңиз колу бош эмес болсо, уктап калса, чарчап турган болсо же маанайы жаман, ачуусу бетине чыгып турган ахвалда болсо, кантмексиз? Эмне кылмаксыз ошондо?

Ток этери, бактылуулуктун ачкычын өзүңүз менен кошо алып жүрүңүз.

Турмушка чыккан аялбы же жалгыз бой аялбы, кимиси болбосун, өзүнүн бакыт ачкычын башка бир кишиге берип салуу жеткен акылсыздык, кошуласызбы ушуга?  Башка бирөөнүн бактысы үчүн дайыма, ар күн бою, ар күнү жоопкеричлик алуу – бул ары татаал, ары машакаттуу түйшүк. Жеке бакыт маселесине келгенде, сиз өзүңүздүн жолдошуңузга же кан-жаны бир (балдарыңызга, ата-энеңизге) жакындарыңызга көз каранды болууга акыңыз жок, анткени алардын ар бири дайыма эле сиз менен кошо басып-туруп, сиз ойлогонду дайыма, сиздей болуп ойлонуп жүрө алышпайт да. Алар сизди туура түшүнүп, сиздин ой менен болууга аракет кылышкан чакта деле, акыры чыдамы түгөнөт. Эркектин милдети — аялды бактылуу кылуу эмес, анын түздөн түз милдети – сизди андан бетер он эсе, жүз эсе бактылуулукка бөлөө!  “Качан мага кайсы бир кырдан ак боз атын алкынтып, өмүрлүк шеригим колуна мага берчү бриллиант шакекти камдап, чыга келээр экен..” деп үмүт этип күтүп жүргөн мусулман кыздар, аялдар, эсиңерде болсун:

 «Эгер шүгүр кылсаңар, силерге жакшылыктарымды ого бетер көбөйтөмүн» (Куран, 14:7).

Балким маселенин баары ушунда болуп жүрбөсүн, сиз “мен ойлогон түкүндөй нерсе болгондо гана чындап бактылуу болом” деген синдром менен ооруганыңыздын өзү туура эмес чыгаар?.. Сиз такай өзүңүздү өзүңүз бактысыз сезе бересиз, а бирок бир нерсени так билиңиз, “..жакындарым, романтика жана мени курчап турган нерселер гана мени бактылуу кыла алат..”деген сокур сезимден бошонооруңуз менен бактысыз болуу сезиминен  заматта арыласыз. Анткени, сиз Жападан жалгыз, Бирден бир Аллахка шүгүр, келтирген, Ага ыраазы болгон керемет сезимге чындап ээ болмоюнча эч ким, эч нерсе сизди бактылуу кыла албайт!

Практика жүзүндөгү азыноолак кеңеш

Келгиле, эми эн бир жөнөкөй суроолорго жооп табууга аракет кылалы:

“Мен ак боз ат минип алкынган түгөйүм качан чыга келээр экен деп кезерип күтүүдөн чарчадым. Андыктан менин колумду сурап келген кандай гана тарап болбосун, ага макул болууга даярмын, анткени жалгыз жашап, жалгыз бойдон кала берүүдөн корком. Эмне кылуу керек?”

Мындай санаркоо ар бир жалгыз бой аялзатынын көңүлүн өйүп келет. Жалгыз калуудан чочулап, алдастап, туш келген эле кишинин эле жары болуп кете берүүдөн алыс болуңуз. Күнөөгө батуу менен, адептүүлүктүн чегин айырмалап иш кылбасаңыз, сизге ылайыксыз эле бир адамдын бактысыз жары болуп калууңуз ыктымал. Урматтуу аялдар, нике – бул адамга берилген үй, акча, өмүр, ден соолук сыяктуу эле материалдык сый-ургаалдардын бири. Ал сыйга татыктуу болуу үчүн аракеттенүү керек. Кандайдыр СЕБЕП болсо, ошондон кийин гана ошого жараша АРАКЕТ болот, андыктан бир кезде Муса пайгамбар (Ага тынчтык болсун) Аллаха дуа менен чын пейилден жалынып сурангандай, сиз да Аллахтан суранып дуба кылыңыз.

 «Оо, Эгем! Сен мага эмне муктаждык жиберсең да муктажмын!» (Куран, 28:24).

Дуба – бизди Жаратканга жакындатып турган сыйынуунун бир түрү, Аллах адамды жаратканынын башкы себеби да ушул – адамдын Жаратканга дуба кылуусу. Андыктан, күнүбү, түнүбү дуба кылып, “мага Кудайдан корккон, динге бекем, жакшы мүнөздүү күйөө бер”деп суранууну унутпаңыз. Күйөөгө жетүү үчүн ар кандай тыюу салынган ыкмалар менен аракеттенүүдөн сактанып, бул максатка жетүүдө чектен чыгып кетпөөнү Аллахтан тилеңиз.

“Бактылуу болууга себеп жок экенин көрүп туруп, мен өзүмө өзүм жардам берүүдөн, бактылуу болууга аракет кылуудан аябай чарчадым, өзүмдү аябай бактысыз, жалгыз сезип турам”.

Өзүн бактысыз сезип жүргөн адам бир күнү эле бактылуу боло калган, каалаганынын баарына жетишкен абалга балкып жыргаганын учураттыңыз беле?  Кандайдыр бир иш менен алектенбей өзүн өзү таштап салуу – адамды акыры барып жок кылат. Сиз ички шыгыңызды ойготуп, иштин майын чыгарган мүмкүнчүлүгүңүздү ачыкка чыгарыңыз, ичтеги жөндөмүңүздү, талантыңызды бери сууруп чыгыңыз. Ошондо гана өзүңүзгө өзүңүз сыймыктанып, өзүңүздү ары тирүү, ары бактылуу сезе баштайсыз.

Бир араб макалы бар, анын мааниси болжолдуу түрдө мынтип которулат: “Өзүндө эчтекеси жок адам, бирөөгө да эчтеке бере албайт”.    Эгерде сиз өзүңүз тууралуу кам көрүп, өзүңүздү жакшы көрө албаган болсоңуз, анда эч кимди сүйө да, ага камкордук көрө да албайсыз, ырас мынте албаган соң сиз бирөө менен мамилелешүүгө даяр эмессиз. Адегенде, таштачу кадамыңыз мындай болсун:  оболу өмүрүңүз кандай болуп жаткан болсо, ал оорбу-жеңилби, кайгылуубу, супсакпы,.. башка түшкөн тагдыр катары так ошондой кабыл алып,  сизге берген бардык нерсе үчүн Аллага ыраазы болуңуз. Себеби, Аллах сизге берип койгон баалуу нерселерди сезбеген соң, “..мага дагы-дагы  баалуу нерселерди бергенди көбөйтө көр..” деп суранганга акыңыз жок го?!

Кымбаттуу менин окурманым, бакыт кайсы бир алыс жактардан, сырттан келбейт, бакыт – сиздин ичиңизде, түпкүрүңүздө жатат. Ошондуктан, ар күнү эртең менен турганда, дени кардыңыз соо, чың экенине, ата-энеңиз бардыгына, үйлүү-жайлуу болгонуңузга, ошол үйүңүздүн терезесинен сырттагы кооздукту карап турганга мөлтүрөгөн эки көзүңүз бар экенине ыраазы болуп, Аллахка рахмат айтууга жок дегенде он мүнөт бөлүңүз…

Жалаң жакшы нерселер тууралуу гана ойлонуңуз, адамдарга жардам бериңиз, каалабай турсаңыз да жылмайып, жадырап жүрүүгө аракет кылыңыз. Бекем ишенип коюңуз, мына ушул нерселерди кармансаңыз, сиздин мээңизде каалгыган кыжаалатчылыктар өзүнөн өзү жоголуп, маанайыңыз көтөрүңкү жүргөнгө шарт түзүлөт. Бул ыкма “эл көзүнө дайыма так ушундай шатыра-шатман түр көрсөтүп жадырап-жайнап жүр, бара-бара турмушуң да акыры ошондой жаркын маанайга бөлөнүп кетет” деп аталат.

“Мен бир жигитти жактырып жүрөм. Ага жагаарымды да билем. Бирок ал 6 жыл өтсө да баш кошуу тууралуу сунуш айтпай келет, мен болсо күткөнүм күткөн. Эмне кылсам болот?”

Кыска жооп берейин: ал чечкинсиз жигит экен – сизге болгон жооп ушул.

Сизге шерик болчу адамыңыз өзү ар тараптан даяр эмес болсо, чектен чыккан жорук жасоого ашыкпаңыз, шашмалык кылбаңыз. “Кыздын жүрөгүн кантип ээлеп, кантип анын тандоо мүмкүнчүлүгү болбогудай абалга жеткирүү керек” деген беймаани китептерди окуган жигиттер көп, демек ар кандай кыйды ойлоп шуулдап жүргөн жигиттерден абай болуңуз. Күттүргөн жигитти “качан конкреттүү сөз айтат…” деп, күтүп-күтүп олтуруп, акыры аны жек көрө баштайсыз, андан кийин өзүңүздү, акыр соңу бүт дүйнө көзүңүзгө жек көрүнө баштайт.  Андыктан туура жолдон адашпаңыз, сырдуу эч нерсе жок, уяла турган жөнүңүз да жок, акыры сиз күткөн, кадырыңызга жеткен жигитке бир күнү жолугасыз, ишенип коюңуз.

Дагы силерге кайрылам, бардык жалгыз бой мусулман-кыздар!  Кыялыңыздагы эркекти күтүү жана каалоонун эч бир тартына турган жери деле жок, тек гана сабырдуу болгула… Негизгиси, калпка, жалганга таянбагыла!  Чыныгы сабыр – бул кезерип күтүү гана эмес, бул – күтүп жатып кайгырып-бозорбой, жакшы, жаркыраган маанайда жадырап жашоо.

Аллах Мээримдүү жана Боорукер.  Ал сиз эмнени катуу самап, ошол кыял ишке ашуусун чындап каалап жатканыңызды билбей коюшу мүмкүн эмес. Тек гана, Аллах сиздин толук даяр болууңузду каалап жатат. Ошондуктан, адегенде, сиз Аллахтын сизге бергенине ыраазы болуп, ошого бактылуу болууну үйрөнүңүз, мына ошондо гана ал мурдагыдан да көп жакшылыктарды берип, сизди андан да бактылуу кылат.

Аллах ошентип убада берген, Ага ишениңиз!

 

 

Маалымат булагы: Productive Muslim

Кыргызчага которгон: Islamlife.kg

Автор

riis.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *