Соцтармактар бизге канчалык керектүү?



Социалдык тармак тууралуу интернеттен издеп көрсөңүз көптөгөн макалага туш болосуз. Кээ бири зыянын жазса, кээлери пайдасын. Алардын баарын окуп чыгып өзүңүз бир чечимге келсеңиз болот. Мен да соцтармак тууралуу бираз кагаз бетин каралап көрөйүн дедим.

Эл арасында акын, жазуучу, спортчу, окутуучу, өнөрпоздор жана саясатчылар акырындык менен, кылган эмгегинин артынан кеңири таанылып, атактуулардын арасынан орун алып келген. Акырындык менен ийгиликке жетиши соцтармактар пайда боло элек кезде эле. Азырчы? Азыр интернет аркылуу бир учурда атактуу болгон көптөгөн адамдарды көрүп келебиз. Соцтармакта баары акын, жазуучу, спортчу, философ, саясатчы, саякатчы ж.б. Кыла алганы деле, кыла албаганы деле… “Атың чыкпаса жер өрттө” урааны менен жолго чыккандар ого бетер көп. Соцтармактарды колдонбогон адамдын дайыны жоктордун арасынан орун алып жаткан учуру.

Жашообуздагы эң жакшы элестерди бөлүшөбүз, соцтармактан. Соцтармак аркылуу өзүңүздүн кандай экенин же кандай жашоодо жашап жаткандыгыңызды эмес, элге кандай көрүнгүңүз келсе ошону гана көрсөтүп, жашооңуздун мыкты экенин жар салып келесиз. Жарнама кылынган буюмдан айырмабыз калбай баратат. Күн сайын, унутулуп калбаш үчүн жарнама кылып турабыз. Ресторанда селфи… достор менен селфи… тоонун башында, машинада, жардын четинде, суунун жээгинде, суунун ичинде, сабакта, танаписте, автобуста, түшкү тамактанууда, сүйгөн жарың менен, үй-бүлөң менен, балдарың менен, туугандарың менен, атактуулар менен, тааныбаган туристтер менен, айта берсең толтура экен… адамдар менен да айбандар менен да… Нарциссизм кеңири тараган учурда селфинин модага айланышы турган нерсе. Өзүңдү оңдоп-түзөп, фото-мейкер программалары менен бетиңдеги бүдүрлөрдү тазалап, чыныгы жүзүңдү эмес, жасалма жузүңдү элге жарыя кылуунун сен үчүн канчалык пайдасы бар. Барибир ошол бойдонсуң, өзгөргөн жоксун. Башкаларды алдагандан башка эч нерсе кылган жоксун.

Күн сайын бир нерсе бөлүшүп турбасак, эл бизди унутуп калчудай коркобуз. Балким туура эмес деп айтышыңар мүмкүн. Макул, коркпойбуз дейли. Анда эмне үчүн бир учурду же кандайдыр бир таң калтыра айтылган цитаталарды же сүрөттү соцтармактан бөлүшмөйүнчө тура албай жатабыз. Башкаларга пайдалуу болсун үчүнбү? Болушу мүмкүн. Бирок, дагы бир айта кетчү нерсе… Бирөөлөр сизге “лайк” (жакты) бассын үчүн. “Лайк” топтоо сиздин оорууңуз. Сизге билинбеген, тээ түпкүрдө жаткан ооруу. Муну сыртка чыгаргыңыз келбейт. Адам баласы өзүн мактоого, сыйга, жактырылып турууга муктаж жандык. Бирөөлөр тынбай сизге мактоо айтып турса, жазганыңызды жактырып турса, эго үчүн мындан артык нерсе барбы? Адамдын эгосу (напси десек да болот) эрте менен уйкудан турары менен бети-колду жуубай, тамак жедирбей туруп соцтармактарды чукулатып жатса, анда сиз жанагы айткан түпкүрдөгү оору менен ооруп жүрөсүз. Кечинде сиз бөлүшкөн жарнама же башка нерсе канча лайк топтоду экен деген кайгы менен ойгонсоңуз анда сиз ооруп калдыңыз. Буга оору дейлиби, же кулга айланып калдык дейлиби? Ар ким өзү чечим чыгарсын. Өзүм да отуруп ойлонуп көрөйүн. “Ооруп жатамбы же кулга айланып калдымбы?”

Пайдалуу жагы болушу мүмкүн. Пайдасы, менин ойумда соцтармактарды ойлоп тапкан адамдарга көбүрөөк болсо керек. Анан да, ушул тармактар аркылуу соода-сатык, жарнама кылгандарга. Алардын ойлоп тапкан нерсеси биз үчүн канчалык пайдалуу экени талаш маселе болгону менен, өздөрү үчүн шек-күмөнсүз пайдалуу. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кошулду. Дагы канчалык пайда алып келсин? Ошондой эле, ар бир соцтармак аны колдонгон ар бир киши тууралуу дата (маалымат) топтойт. Азыркы доордо маалымат эң кымбат нерсе экенин эстен чыгарбайлы. Маалымат дегенде биздин төрөлгөн жыл, жашаган жер же окуган мектеп, университет эле эмес. Сиз эмнелерге кызыгасыз, кандай ой-жүгүртөсүз, көбүнчө кандай темаларды окуйсуз, кимдер менен кандай мамиледесиз, кыскасы сиздин сыртка чыгарбаган, элге айтпаган же айталбаган, бирок, соцтармактарда көрсөтүп келген жактарыңызды топтоп сиз тууралуу, сиз аркылуу чөйрөңүз тууралуу анализ жүргүзүлүп, ошого жараша жаңыча методдор менен буюмдардын жарнамалары, таңууланышы керек болгон пикирлер же жаңылыктар сунушталат. Сиз жашаган чөйрө эмнени көп талап кылса ошол нерсенин үстүндө көбүрөөк иштешет. Сиздерди канткенде көбүрөөк соцтармакта кармап калуунун жолдорун изилдешет. Эртеден кечке канткенде бизди азыгырып карма тура алам деп ойлонушат. Алардын иши ушул.

Соцтармактын айынан “номофобия” (no mobile phone phobia) деген жаңы термин келип чыкты. Мааниси, мобилдик телефондон алыс калуудан коркуу. Тагыраак айтканда мобилдик телефонун жоготуп же алдырып алган адамдын коркуусу. Бул нерсе да ооруп калдыкпы же кулга айландыкпы деген суроону дагы бир жолу эске салат. Чындыгында, адам телефондон алыс калгандыгы үчүн коркуп, паникага барбайт. Онлайн чөйрөсүнөн ажырап калгандыгы үчүн, алар менен баарлашалбай калгандыгы үчүн коркот. Анткени ал чөйрөдө, өзүң каалагандай же өзүңдүн кыялыңдагы сени ортого койо аласың. Чыныгы коомдон айырмасы көп. Чыныгы коом сени уялчаак кылып тарбиялаган болсо, ал жакта ээн эркин сөз сүйлөй аласың. Кыскасын айтканда виртуалдуу дүйнөдө адамдын кыялындагы нерселерге жетүү (чындыгында жетпейт) чыныгы дүйнөгө салыштырмалуу жеңил болот окшойт.

Учурда фейсбуктун 2,7 млрд. колдонуучусу бар экени айтылат. Демек, дүйнөдөгү адамдардын 1/3 и соцтармактарды колдонот. Натыйжада, соцтармактарды колдонгодордун көптүгүнөн “жеке жашоо” деген калбай баратат. Эмне жеп-ичкениңден тартып, төшөктө жаткан учуруна чейин эл менен бөлүшүп жатса, кайдагы жеке жашоо . “Жеке жашооңдун бизге эмне кереги бар!” дегиң келет, бирок, бирөөлөрдүн жашоосуна кызыккандар да көп экен. Өзүнүкү калып башканын жашоосу менен алек. Өзгөчө элге таанымал, шоу-бизнестегилердин жашоосу менен.

Сүйгөнүнө сюрприз даярдап, аны элге жарыя кылуу мен үчүн эч бир керексиз нерсе. Ал сени менен сүйгөн жарыңдын ортосундагы унутулгус учур болушу керек эле. Тилекке каршы, адам баласы канчалык лайк топтосо, ошончолук кадыр-барктуумун деп ойлоп калганбы, айтор лайк үчүн атылбаган кадамдар калбады. Эгер билсең, сага лайк баскан адам үчүн кадырың болгондо сени менен бет маңдай отурмак, сени зыяратка келмек же чогуу тамактанганча кобурашып отурмаксың.

Бирөө менен урушуп кетсең да, жарашсаң да соцтармак аркылуу жарыя кылуунун канчалык кереги бар? Соцтармак бул жарыя кылынган жеке жашоого айлана баштады. Жеке жашоо деп айтылган нерсенин жарыя кылынышы – сенин жеке жашооңдун жоктугу дегенге барабар.

Албетте, соцтармактар аркылуу канчалаган инсан эмгектенип келет, ооруп жаткандар дарылануу үчүн жардам сурап келет, мектептен окуп үйрөнө албаган нерселерин соцтармак аркылуу үйрөнүп келишет. Ошентсе да ойлонуп көрөлү же отуруп жакшы жаман жактарын карап чыгалы. Кимиси көбүрөөк экен. Ар ким ар башка ойлонот. Бул пикириме кошулуп же кошулбай сынга алышыңыз мүмкүн. Айтаарым, пайдасынан зыяны көп нерсени акырындык менен болсо да азайталы. Соцтармактын биз үчүн наркозаттан айырмасы калбай баратканы көрүнүп эле турат. Наркозатты деле туура колдонуп жатпайбызбы, медицинада. Соцтармакты да чеги менен туура колдонуу колубуздан келбейби? Аракетке берекет.

Мен сиздерге соцтармактардан бираз болсо да алыстап, биз үчүн пайдалуу башка сайттарды карап көрүшүңүздөрдү сунуштайт элем. Интернет бул ватсап, инстаграм, фейсбук же менин дүйнөм менен гана чектелбейт. Аларга караганда пайдалуу көптөгөн сайттар бар. Жашооңузга бираз болсун өзгөртүү киргизиңиз. Мисалы, www.radio.garden аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчунан сиз каалаган тилде радиолорду уксаңыз болот. Интернеттен акысыз китеп көчүрүп алам десеңиз www.gutenberg.org сайты аркылуу алсаңыз болот. Тилекке каршы бир гана англис тилиндеги китептер жүктөлгөн. Ошондой эле, www.cambly.com сайты аркылуу көптөгөн англис тили мугалимин тандап, алардан сабак алсаңыз болот. Интернеттен изденсеңиз дагы да пайдалуу сайттар көп.

 

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *