Хадистин маанилүүлүгү


shadow

Аз. Пайгамбарга таандык сөз, фиил (кыймыл-аракет) жана такрир (жактыруусу) дегенди билдирген хадис, он төрт кылымдан бери Ислам маданият тарыхынын ар доорунда ишеним, ибадат, адеп-ахлак, адамдык мамилелер, дүйнө таанымы сыяктуу мусулмандардын жашоосунда зарыл болгон негизги реферанстардын бири болгон. Адамзатка жиберилген акыркы китеп болгон Куран менен бирге Аз. Пайгамбардын айткан сөздөрү жана кылган иш-аракеттери диндин негиздерин орундатууда жана түшүнүктүү болушунда мусулмандар үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп келген. Пайгамбар (с.а.в.) Курандын жеке жана коомдук жашоого кандайча таасир берээрин мисалдары менен көрсөтүп кеткен. Андыктан Ислам дининде биринчиси Куран, экинчиси Пайгамбардын хадиси болгон эки баштапкы булак пайда болгон. Пайгамбардын үлгүлүү жашоосу, Куранга түшүндүрмө берүүсү, Алла, адам жана коом, барлык жана буюм, дүйнө жана акырет, дин, маалымат жана адеп-ахлак сыяктуу маселелер боюнча айткандары, Курандын түшүшүнө, бул сөздөр айтылган учурга жана орундалган жерге күбө болгон сахабалар тарабынан сакталып кийинки муундарга өткөрүп берилген. Убакыттын өтүүсүн менен риваят аркылуу келген Аз. Пайгамбардын сөз жана жүрүм-турумдары хадис илиминин негизин түзгөн.
Аз. Пайгамбардын жана сахабалардын доорунда жалгыз гана Аз. Пайгамбардын айткан сөздөрү, жасаган иш-аракеттери же болбосо күбө болгон окуяларды жактыруусу хадистин өзүн түзүп келген болсо, кийинки доорлордо бул үч негизди жеткиргендер (равилер) дагы буга кошулуп, иснад жана матндан түзүлгөн “хадис” илим тармагы катары пайда болгон. Бара-бара иснад жана матнга караштуу бир канча илимдин тармагы түптөлгөн. Бул илимдин тармактарынын максаты, Пайгамбардан (с.а.в.) келген риваяттардын субутун жана далалатын так аныктоо болгон. Хадис жеткирүүгө катышкан адамдарды, тагырак айтканда, санад чынжырчасын жана хадис матндарын түшүнүү үчүн жасалган иш-аракеттер диндин экинчи булагын түзгөн хадис жана сүннөттүн Исламдагы маанилүүлүгүнөн улам ишке ашырылган.
Хадистер, талаш-тартыш жаралган маселелерде адамдарды туура жолго салуучу катарында, Куран берилген пайгамбардын сөзү катарында жана Куранды бардыгынан мыкты баамдаган Алла элчисинин көз карашы катарында өзгөчө мааниге ээ.
Куранда баса белгиленип кеткени менен кеңири маалымат берилбеген акырет жашоосу, кабыр жашоосу, кайрадан жаралуу, махшар, эсеп-кысап күнү, мизан (амалдар тартыла турган тараза), бейиш жана тозоктогу жашоо сыяктуу маселелерди хадистерден үйрөнүүгө болот. Жогорку адеп-ахлактык сыпаттар, руханий жактан өнүгүп-өсүүнү камсыз кылуучу эрежелер, үлгүлүү үй-бүлө үчүн зарыл болгон жүрүм-турум формалары, адамдардын ортосундагы коомдук жана соода-сатык байланыштарын тартипке салган өкүмдөр, башкаруучулар жана башкарылуучулар ортосундагы мамилелер ж.б.у.с. маселелер туурасында дагы хадистерде кеңири маалыматтар камтылган.
Хадистер диний жактан канчалык маанилүү болсо, Ислам маданият тарыхы жагынан дагы ошончолук мааниге ээ. Он миңдеген хадистер, андагы сахих, заиф (алсыз) жада калса мавзу (жалган) хадистер Ислам коомунун диний, саясий, экономикалык, коомдук жана маданий жактан өнүгүп-өсүүсүнө зор салымын кошуп келген. Хадис, Исламдан мурун жана Исламдын алгачкы доорлорунда жашаган адамдардын жана коомдордун үрп-адаты, каада-салты, жашоо образы жана фольклордук (элдик оозеки чыгармачылык) өзгөчөлүктөрү жана башка динди тутунган коомдор менен болгон мамилесине түшүндүрмө берүүдө чоң роль ойнойт.

 

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *