ЫЙЫК КУРАН

Куран – бул Алла Таала тарабынан азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн ыйык Китеп.


shadow

Жараткан Алла Таала ыйык Курандын алгачкы аяттарын ардактуу элчиси Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)га улуу көчтөн 13 жыл мурун Рамазан айынын 24-күнү кечке жуук Мекке шаарынын кыйырында жайгашкан Нур тоосунун Хира үңкүрүндө түшүрө баштаган. Алла Таала мына ушул күндөн тарта ыйык Куран китебин ар кандай шарттарда тигил же бул окуянын жүрүшүнө жараша аят-сүрө түрүндө 23 жылдын аралыгында түшүргөн. Куран мурунку ыйык китептерден айырмаланып, дароо бир жолу китеп абалында эмес, ар кайсы жагдайларга карата кээде бир аят, кээде беш, кээде он аят, кээде сүрө абалында түшүрүлгөн. Бул жагдай Алла Тааланын «Биз Куранды сен адамдарга шашпай окуп берүүң үчүн аз-аздан бөлүп түшүрдүк» (Исра сүрөсү, 106-аят) деген аятында ачык-айкын түрдө маалымдалган.

Ардактуу Пайгамбарыбыздын учурунда Курандын толук жазылып бүтүшү

Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз аяттар түшүрүлгөн кезде аларды жанындагы сахабаларына окуп, андан соң атайын аяттарды жазууга дайындалган сахабаларына жаздыра турган. Ардактуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) түшүрүлгөн аяттарды кайсыл сүрөөгө таандык болгондугун өзү айтып берген.1 Аяттарды жазууга милдеттүү сахабалар түшүрүлгөн аяттарды курма дарагынын бутактарына, жалпак таштарга, терилерге жана ошондой эле тактайларга жазышкан. Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз жаңы түшүрүлгөн аяттарды сахабаларына окуп берээри менен алар ошол замат жаттап, дароо бири-бирине кайталап окуп бышыкташаар эле. Ислам аалымдарынан Хаким «Мустадрак» аттуу китебинде аяттарды жазууга милдеттендирилген Зайд бин Сабиттин (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегенин маалымдаган: «Алланын Элчиси өзүнө түшүрүлгөн аяттарды мага жаздыраар эле. Жазып бүткөн соң мага жазганымды окушумду буйура турган. Мен акыркы Пайгамбардын буйругун аткарып, жазганымды окуп берээр элем. Эгер жазганымда ката болсо, аны дароо оңдоор эле». Ал эми Бухарийдин айтымы боюнча, ал-Бараа мындай деген: «Жихадга катышпай үйүндө оорубастан (себепсиз) отургандар менен Алланын жолунда өзүнүн мал-жаны менен күрөшүп жүргөндөр тең эмес…» (Ниса сүрөсү, 95-аят) деген аят түшкөндө Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларына Зайдды чакыртып, аятты жазганга тери-тактайын, калемин алып келишин буйурду. Зайд бин Сабит келип, Алланын Элчиси окуп берген береги аятты жазып алды». Бул жерден дагы Куран аяттары түшүрүлөөрү менен жоон топ сахабалар тарабынан дароо жатталып, атайын дайындалган сахабалар тарабынан жазууга түшүрүлгөнүн даана байкайбыз. Ырас, агезде кутман сахабалардын бир даары түшүрүлгөн ар бир аятты жаттаса, бир даары кээ бир сүрө-аяттарды жатташкан. Ал эми ардактуу Пайгамбарыбыз каза болгонго чейин Ыйык Куран кутман сахабалар тарабынан толугу менен жатталып, жазылгандыгы талашсыз чындык.

Бухарий Анас бин Маликтин мындай дегенин маалымдаган: «Азирети Пайгамбарыбыздын учурунда Куранды Мединалык мусулмандардан төрт киши топтоп жүргөн. Булар Убай бин Кааб, Муаз бин Жабал, Зайд бин Сабит жана Абу Зайд аттуу сахабалар болушкан». Албетте, Меккелик мусулмандардан Куран аяттарын толук топтогондор да көп болгон. Маселен, булардын катарында азирети Осмон, азирети Али, Абдуллах бин Масуд, Хузайфанын кулу Салим, Абдуллах бин Амр бин Аас сыяктуу сахабаларды эскерүүгө болот. Ибн Сирин ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз каза болгондо азирети Алинин жума намазына жана Куран аяттарын гана топтоого сыртка чыгаарына карата касам ичип, Куран топтогондугун маалымдаган. Бул окуя жөнүндө Икрима дагы сөз козгоп, аны азирети Абу Бакир кош колдоп колдоорун билдирген. Азирети Умардын мусулман болушуна себепкер болгон окуя дагы Куран аяттары сахабалар тарабынан жатталып-жазылгандыгына, алар аяттарды өз ара бири-бирине окушуп бышыктагандыгына өзүнчө далил боло алат. Куран аяттары ардактуу Пайгамбарыбыздын учурунда жазууга жараган ар кандай каражаттарга жазылса, азирети Абу Бакирдин учурунда барак бетине түшүрүлүп, китеп абалына келтирилген.

Суйутий «Иткан» аттуу китебинде Хаттабийдин мындай дегенин эскерген: «Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын көзү тирүүсүндө Курандын кээ бир аяттарынын өкүмү жагынан күчүн жоготушу жана жаңы аяттардын келиши мүмкүн болгондуктан Куран китеп абалында болгон эмес. Ардактуу Пайгамбарыбыздын көз жумушу менен Ыйык Куранга кошумча жаңы аяттардын кошулуу ыктымалы болбогондуктан халифа Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун) Куранды китеп абалына алып келген».

Азирети Пайгамбарыбыз жана момун-мусулмандар Ыйык Курандын кыяматка чейин бир да сөзү өзгөрүлбөй сактала тургандыгына толук ишенишкен. Себеби бул багытта Жараткан Алла Тааланын «Ырасында эскертмени (Ыйык Куранды) Биз түшүрдүк. Аны Өзүбүз гана сактайбыз» (Хижр сүрөсү, 9-аят) деген ачык-айкын түрдөгү кепилдиги болгон.

Ошондой эле кутман сахабалар ардактуу Пайгамбарыбыздын өз оозунан уккан жаңы Куран аяттарын дароо жаттап, өз араларында кайталашаар эле. Алар Куран Алла Тааланын ыйык китеби болгондуктан агезде аны жаттоо Исламдын парздарынан бири деп билишкен. Исламга кирүү менен бутпарастардын түркүн-түстүү зордук-зомбулуктарына чыдаган, өз жеринен куулуп чыгууга сабыр кылган алгачкы мусулмандар Куран аяттарын жаттоо менен өзүнчө дем-күч алышкан. Ар бир түшкөн аят аларга өзүнчө жаңы күч, жаңы дем берген.

Азирети Абу Бакирдин халифалыгы учурунда Ыйык Курандын барак абалында топтолушу.

Акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) көз жумган соң кутман сахабалар азирети Абу Бакирди (Алла ага ыраазы болсун) халифа катары шайлашат. Азирети Абу Бакир халифа болгондон көп өтпөй араб жарым аралынын чыгышында «Мусайламатул Каззаб» аттуу өзүн пайгамбар катары таанытып, элдин башын айландырган бир бузуку чыгып, коомчулукта абал оор кырдаалга айланат. Мына ушул окуядан улам азирети Абу Бакир Халид бин Валиддин жетегинде бир аскер топтоп, окуя болуп жаткан жерге жөнөтөт. Бул окуя кандуу согушка айланып, анын жыйынтыгында мусулмандардан 1200 киши шейит кетет. Булардан болжол менен 70 киши Куранды баштан-аяк жаттаган «каары»2 адамдар болгон. Жагдайдан кабардар болгон азирети Умар бул багытта терең ойго батат. Азирети Умар халифа Абу Бакирге барып, кокус башка жерлерде да ушул сыяктуу кандуу окуялар болсо, анын кесепетинен каарылар шейит кетип олтуруп, акыр-аягы алардан толук кол жууп калуу коркунучун айтып, өз ойун ортого салат. Ал эми азирети Абу Бакир дароо азирети Зайд бин Сабитти чакыртып, бул маселе боюнча анын да оюн сурайт. Бул багытта азирети Зайд бин Сабит (Алла ага ыраазы болсун) өзү мындай дейт:

«Азирети Абу Бакир Ямама согушунан кийин мени чакыртып жибериптир. Халифанын алдына барганымда жанында азирети Умар да бар экен. Азирети Абу Бакир Умарды Ямама согушунан кийинки жагдай кабатырлантып жатканын, себеби Ямама күнү көп каарынын шейит болгонун, мындан кийин дагы балким ушул сыяктуу оор кырдаалдардын айынан каарылардын улам четинен шейит болуп кетишинен коркконун, ошондуктан Курандын айрым бир аяттарынын жоголуп кетүү ыктымалы болгонун, ал эми мунун алдын алуу үчүн ар кандай нерселерде жазылуу Куран аяттарын топтоп, аларды барак бетине түшүрүп китеп абалына келтирүү керектигин өзүнө сунуш кылгандыгын айтты. Азирети Абу Бакир ошондой эле Умардын бул сунушуна алгач «акыркы Пайгамбар кылбаган нерсени биз кантип кылабыз» деп каршы чыккандыгын, бирок маселенин чоо-жайын таразалап-калчаган соң Алла Таала Умардын жүрөгүнө бул иштин жалпы үммөт үчүн өзүнчө чоң жакшылык болгондугун кандай илхам кылса, өзүнүн жүрөгүнө да дал ошондой илхам кылгандыгын маалымдады»

Ошентип азирети Абу Бакир Зайд бин Сабитке жаш, зээндүү жана эң негизгиси ардактуу Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга түшүрүлгөн аяттарды жазуу бактысы башына конгон адам катары ошол күндөн тарта жазылган Куран аяттарын издеп таап, аларды барак бетине түшүрүп беришин өтүнөт. Ал эми азирети Зайд бин Сабит эгер бул милдеттин ордуна опол тоодой жүктү өзүнө жүктөсө, бул милдетчелик оор келбей турганын айтып, акыркы Пайгамбар кылбаган нерсени Абу Бакир менен Умар да кылбашы керек деп алгач аларга каршы чыгат. Зайд бин Сабит дагы Абу Бакирдин бул иштин өтө чоң кызмат болооруна карата айткан омоктуу ойлорунан кийин Жараткан Алланын илхамы менен ырасында эле бул иштин өзүнчө чоң жакшылык болгондугуна муюп, азирети Абу Бакирдин сунушун кабыл алат. Азирети Абу Бакирдин учурунда топтолуп жазылган бул барактар одүйнө салганга чейин өзүндө болуп, андан кийин азирети Умарда, ал көз жумгандан кийин болсо кызы Хафсанын үйүндө сакталган. Бул жакшылык иш азирети Абу Бакирдин халифалык учурунда эң маанилүү иш-аракеттерден болуп, болжолдуу түрдө бир жылга чейин созулган.

Азирети Осмондун учурунда Ыйык Курандын бир диалектика боюнча жазылышы

Ислам дүйнөсүнүн кеңейиши жана араб эмес элдердин мусулман болушу менен Курандын ар кайсы диалектикалар боюнча туура эмес окула башталгандыгынан улам жагдайды туура түшүнгөн халифа азирети Осмон ардактуу Пайгамбарыбыз менен Жабраил периштенин ортосунда акыркы жолу кайталанып окулган Курандын нускаларын чогултуп, аларды көбөйтүп жазууга буйрук чыгарган. Азирети Осмондун халифалыгы учурунда мусулмандардын саны бир кыйла өсүп, Ислам дини кеңири кулач жая баштоо менен бирге анча-мынча көйгөйлөр да болуп келген. Мына ушул көйгөйлөрдүн бири Курандын ар кайсыл диалектикаларда туура эмес окулушу болгон. Азирети Осмон маселенин төркүнүн туура кабылдап, оор кырдаалга себепкер болуп кетишинен тынчсызданып Курайш диалектикасы боюнча түшүрүлгөн Куранды тек гана Курайш диалектикасы боюнча жаздырган. Бул жерде эскерте кетүүчү жагдай, азирети Осмондун халифалыгына чейин элге жеңилдик болушу үчүн Куранды ар кайсы диалектикалар боюнча окууга уруксат берилген болучу. Азирети Осмон өз учурундагы жагдайды эске алып, береги муктаждык күчүн жоготконун, андыктан Курандын тек гана Курайш диалектикасы боюнча окулушунун жалпы Ислам дүйнөсү үчүн алдаканча пайдалуу болоорун ойлоп, ушул кадамга барган. Ал эми ошол кезде көзү тирүү бардык кутман сахабалар азирети Осмондун бул жакшылыгын кош колдоп кабыл алышкан.

Ошентип Ислам дүйнөсүндөгү диалектикалардын ар түрдүүлүгүнөн улам жаралган талаш-тартыштарга чекит коюлган. Ал эми мындан кийинки мезгилдерде жаңы мусулман болгон элдер Куранды кыйналбай, жеңил окуп түшүнүүлөрү үчүн тамгалардын асты-үстүнө «харака» делген чекит-ишараттар коюлган.

1Муну Ахмад бин Ханбал, Тирмизий, Абу Давуд, Насаий, Ибн Хиббан жана Хаким аттуу хадис илими боюнча терең билими бар аалымдар маалымдашкан.

2Каары – Куранды баштан-аяк жаттаган адам.

Ак Башат казынасы

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *