Ошинин хадис илимине кошкон салымы жана “Нисабу-л-ахбар” аттуу эмгеги


shadow

Сиражуддин Али б. Осмон аль-Оший (толук аты жөнү: Али б. Осмон б. Мухаммед б. Сулайман Абу Мухаммед Сиражуддин аль-Фаргани аль-Ханафи аль-Матуриди аль-Оший ат-Тайми аш-Шахиди) Фергана өрөөнүнө караштуу Ош шаарында дүйнөгө келген. Туулган жылы туурасында так маалыматтар жок. Болжолдуу түрдө хижрий 575/1179-жылы дүйнөдөн кайткандыгы туурасында маалыматтар бар. Ал түрк тектүү калам аалымы, мухаадис, фыкыхчы жана адабиятчы катары белгилүү болгон. Матуриди акыйдасына байланыштуу “Амали касыйдасынан” улам калам аалымы катары таанылган. 

Сиражуддин Али б. Осмон ал-Оший көбүн эсе хадис менен алектенгенине жана эмгектеринин басымдуу бөлүгү бул багытта жазылганына карабастан Ислам ааламында калам аалымы катарын белгилүү болгон. Анын өмүр баянына жана жазган эмгектерине көз чаптырганыбызда мухаддис катарында көрүүгө болот. 

Булактарда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ага таандык делген эмгектердин жалпы саны 10-11 болуп саналат. Булардын арасынан алты китеп хадис илими менен байланыштуу болгондуктан жалпы эмгектердин %60 пайызын түзөт. Андан сырткары фыкх жана калам багыты боюнча жазган эмгектери дагы бар. 

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Сиражуддин аль-Оший алгачкы илимди чоңойуп өскөн Ош шаарында алган. Ошол маалда Ош илимдин борбору катарында белгилүү эле. Ошто шайху-л-Ислам Насируддин Абу Абдиллах Мухаммед б. Сулайман ал-Ошиден хадис илимин алган. Андан сырткары устазынан Абу Бакир Мухаммед б. Аби Али ат-Тусинин “Табакат” аттуу китебин самаъ жолу менен алган. Хадис илимине таандык делген эмгектеринин ичинен “Нисабу-л-ахбар ли тазкиратил-ахйар” жана “Жуз фи риваяти Анас б. Малик ан Расулиллах би иснадин вахидин” аттуу эмгектери азыркы учурга чейин жеткен. 

Хадистерди улуу хадис устаздарынан алган. Көбүн эсе самаъ ыкмасы менен алгандыгы белгилүү болгон. Алардын башында Тирминизин “Жами”, Марвазинин “аль-Икна”, Зандависаатинин “Равзатул-улама” орун алган. Андан кийин “Бухаринин сахихи”, Хаддадинин “Уйуну-л-мажалис”, Насафинин “аль-Лулийат”, Абу Лайстын “Танбих”, Дайламинин “Фирдавсу-л-ахбар” жана Сарахсинин “аль-Йавакит” аттуу эмгектерин самаь жолу менен алгандыгы айтылган. 

Хадис боюнча сабак алган устазадары:

  1. Шайху-л-Ислам Насируддин Абу Абдиллах Мухаммед б. Сулайман аль-Оши. Оштон чыккан устазы жана жердеши болгон. Ал Кийинчерээк Самарканд шаарына барып илимин уланткан. Самарканнддагы устаздарына:
  2. Мухаммед б. Абдулхамид аль-Усманди,
  3. Ас-Саййид аш-Шариф Насируддин Абу-л-Касым Мухаммед б. Йусуф б. Мухаммед аль-Алави аль-Хасани ас-Самарканди. 
  4. Имам Захируддин Абу-л Махасин Хасан б. Али б. Абдулазиз аль-Бухари аль-Маргинани. 

 

Ошинин “Нисабу-л-ахбар” аттуу эмгеги системалуу түрдө темаларына жараша баптарга бөлүнүп жазылган. Китеп 100 баптан турат. Бул китепти жазууда 15 хадис китебин булак катары колдонуп, сахих, кыска жана маанилүү хадистерди топтогон. Анда миңге жакын хадис бар. Албетте, бул анын хадис илимине маани бергендигин көрсөтөт. Ал чыныгы мухаддис катарында бул илимди мыкты билгендигин көрсөтүп, эмгегинде хадистерди риваят кылууда хадис илиминдеги метод жана эрежелердин негизинде иш алып барган. Ошондой эле, хадистерди кайсыл китептен алгандыгына көрсөткөн румуз (белги) колдонгон. Бирок, бул эмгек хадис илиминде каралган талаптарга жооп бербеген айрым хадистерди камтыганы менен, азыркы учурга чейин жетпеген кээ бир китептер жана алардын ичиндеги хадистер тууралуу маалымат бергендиги жагынан манилүү болуп саналат. 

Оши жыйнак дооруна караштуу эмгектер жетиле баштаган доордо жашаган. Бул жагынан алганда “Нисабу-л-ахбар” жыйнагы дагы бул доордо жазыла баштаганын белгилеп кетүү керек. Анткени, Оши китебиндеги хадистердин санаддарын (равилер чынжырчасын) алып салып колдонулган булактарды румуздар менен берген. Мындай өзгөчөлүгү менен жыйнак дооруна караштуу эмгектердин жалпы схемасын көрсөк болот. Андан мурун буга окшогон мухаддистердин эмгектеринен сөз кылсак дагы, алфавиттик түрдө булактарды пайдалануу жана колдонулган булактарды румуздар менен белгилеп өтүүдө, азыркыга чейин биздин аныктаганыбыз боюнча алгачкы өрнөгү десек туура болот. 

Нисабу-л-ахбар, хадис илимдери жана тарыхы боюнча оригиналдуу маалыматтар жана хадистер камтылган китеп болбосо дагы, өзүнүн доорундагы муктаждыктарды камсыз кылган илимий өзгөчөлүктөргө ээ жана жеке өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө ээ болуу жагынан даражасын көтөрүүгө жетиштүү десек болот. Нисабу-л-ахбар хадисте жыйнак доору бышып жетилген мезгилде жазылгандыктан, ал теориялык маалыматтардын практика жүзүнө ашырган лабораториялык милдетти аркалаган. Эмгек топтолгон хадис жыйнагы болгондуктан, хадистердин сиххат жагы иликтөөгө алынган эмес. Бул боюнча Али Йардым “Топтолгон хадис жыйнагындагы хадистердин “сиххат даражасын” аныктоо мүмкүн эмес. Себеби бул эмгектерде сахихтигин аныктоодо негиз алынган рави жана ада сыйгалары жок” деп айтып бул маселеге басым жасаган. 

КИТЕПТИН АТЫ

Хижрий алгачкы үч кылымдагы бардык илимдин тармактарындагы китептердин ысымдары абдан жөнөкөй жана кыска жазылган. Бизге жеткен маалыматтар боюнча китептин аталышы түрдүүчө келет. Негизинен  библиографиялык булактарда жана китепканалардагы Нисаб жазууларында китептин аталышы “Нисабу-л-ахбар ли тазкирати-л-ахйар” деп келет. Ошондой эле Нисаб нускасынын киришүү бөлүмүндө “كتاب نصاب الأخبار لتذكرة الأخيار” деп келгендигин көрүүгө болот. Айрым нускаларда “الأخيار” жана “الأخبار” сөздөрү тамгалардын окшоштугунан улам жаңылыш жазылып калган. Кээ бир учурларда “Нисабу-л-ахбар ли-тазкири-л-ахйар” деп дагы жазылып калгандыгын көрүүгө болот. 

Оши, “Нисабу-л-ахбар” китебин жазып калышы жана аталышы туурасында мындайча түшүндүрмө берген: “Мен бул эмгекти, мындан мурун “гурару-л-ахбар ва дурару-л-ашар” деген аталыштагы топтогон хадис жыйнагымдын ичинин Аз. Пайгамбарыбыздын бейишке алып баруучу улуу сөздөрүнүн арасынан көңүлгө жакын жана абдан сонун 1000 сахих хадисти шакирттерге жеңилдик болсун, аларды жазгандарга жеңилдик болсун деп кыскартып тандап алдым. Ар бир бабка 10 дон хадис койуп, китепти “Нисабу-л-ахбар ли-тазкирати-л-ахйар” деп атадым.” 

Тилеке каршы, Ошинин жогоруда аты аталган “Гурару-л-ахбар ва дурару-л-ашйар” аттуу эмгеги күнүбүзгө чейин келген эмес. Эгер ал Нисабты 1000 чакты хадистен тандап жазган болсо, анда “Гурар” көлөмдүү китеп десек деле болот. Ал тургай, бул китептин ичиндеги хадистердин санаддары дагы болушу мүмкүн. Себеби “ ما اختصرته ” сөзүнөн ушундай жыйынтык чыгарууга болот. Оши 15 булагы бар 1000 хадистен турган “Нисаб” эмгегин “Гурар” эмгегинен кыскартып жазуусу дагы Гурардагы булактардын проблемалуу экендигин көрсөтөт. Нисабта билдирилгендей Гурардын булактары 15 менен чектелген эмес болуш керек. Гурар жана бир канча эмгек тилеке каршы, күнүбүзгө чейин белгисиз бойдон калган. 

МЕТОДУ ЖАНА РУМУЗ СИСТЕМАСЫ

Жыйнак доорунда алфавиттик тартипте булактарды пайдалануу методу жалгыз гана “Нисабу-л-ахбарда” биз көргөн өзгөчөлүк десе туура болот. Жогоруда да белгилеп кеткендей Оши пайдаланган 15 булакты системага салып, алфавиттик тартипте пайдаланууну туура көргөн.

Китебин 10 темага бөлгөн Оши, ар бир темага ондон хадис тандап киргизип, баш аягы 1000 хадис колдонгон. Мындан мурун жазылган “Гурару-л-ахбар ва дурару-л-ашар” аттуу хадис жыйнагынан кызыктуу жана абдан маанилүү хадистерди тандап алып, анын мухтасарын түзгөн. 

Оши “Нисаб” китебин жазып жатып, колдонгон булактарга румуздар бергендигин жана румуздарды хадистин баш тарабына алып келип булактарды билдиргендигин айткан. Бул ыкма хадистердин башына санадды алып келүүнүн ордуна, булакты көрсөтүү алгачкы мисалдар болуп саналат. Күнүбүздө булак көрсөтүү ыкмаларында дагы, буга окшогон китептердин аттарынын кыскартылышын көрүүгө болот. Ошинин колдонулган адабияттардын аталыштарын тамгалар менен көрсөтүүсүнө окшоштурууга болот. Албетте мындай ыкма, убакытты туура пайдалануу, аталышы узун эмгектердин аттарын кайра-кайра кайталоо кыйынчылыгынан кутулуу максатында каралат. 

НИСАБТЫН ЖАЗЫЛУУСУНА ТААСИРИН ТИЙГИЗГЕН ФАКТОРЛОР

Илгери аалымдар китептерди жазуу себептерин, алгачкы бетте билдиришкен. Ошондой эле Оши дагы Нисабды жазуу себебин дагы айткан. 

  1. Гурару-л-ахбар жана дурару-л-ашъар аттуу хадис жыйнагын көлөмдүү жана мааниси оор эмгек катары көрүүсү. 
  2. Китептеги хадистерди бирден тандап эл түшүнө тургандай абалга келтирип, оңой түшүнүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү тилеги. 
  3. Медреселер илимий борборлорго айланган бир мезгилде анда окугандарга оңой түшүнө тургандай кылып китепчеге айландыруу тилеги.
  4. Хадистерди жазган хаттат (кооздоп жазуучу), кол өнөрчү сыяктуу өнөрчүлөрдүн көлөмдүү хадис жыйнактарынан хадис тандоодо жаралган түйшүктөрдөн куткаруу ниети. 
  5. Коомго керектүү делген маанилүү 100 теманын ар бирине 10 дон хадис келтирип, окугандарга маалымат берүү максаты. 
  6. Негизги хадис жыйнактарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албагандарга хадистерди жеткирүү аракети.
  7. Айланасындагы адамдардын Гурар китебин кыскартуу же жеңил хадис топтомун жазуу туурасындагы тилектери.

Жогорудагы факторлор мындай китеп жана буга окшогон китептердин жазылышына себеп болгон. Чындыгында коомдун бардыгы тарабынан окулбаган мазмуну терең жана оор эмгектер, талыкпаган эмгектин натыйжасында билим деңгээли төмөн адамдарга жеткирүү жана аларды маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат. 

3.3. НИСАБУ-Л-АХБАРДАГЫ ХАДИСТЕРДИН ЖАРАМДУУЛУГУ 

Бир эмгектеги риваяттардын жарамдуулугу андагы хадстердин сахихтигин аныктоо менен гана ишке ашат. Бирок кандайдыр бир булактын белгилүү бир убакыт аралыгында жана коомдун көпчүлүгү тарабынан кабылдануусу, коомдук жана маданий жактан хадистердин кадыр-баркын көтөрөт. 

Нисаб, хадис илими койгон критерийлерге андагы хадистердин жарамдуулгу тала-тартыш жаратса дагы, күнүбүзгө чейин келбей калган айрым булактардагы хадистерди камтуусу жагынан маанилүү болуп саналат. Мисалы, булактардын катарында Мухаммед б. Ахмед аль-Марвазинин (ө. 450/1058) “аль-Икна фи-л-хадис” аттуу эмгеги жоголгон булактардын катарына кирет. Бирок, Оши бул китептен 138 хадис тандап алып, эмгегинде колдонгон. Жогоруда белгилеп кеткендей 15 булактын ичинин 3-орунда турат. Андыктан Оши эмгегиндеги 138 хадис, ошол булактын мазмуну күнүбүзгө чейин жетүүсү жагынан маанилүү болуп саналат. 

Ошондой эле “Нисабта” колдонулган булактардын арасында Кады Абу Бакр Мухаммед б. Аби Бакр ат-Тусинин (ө. 405/1014) “Китабу-т-табакат” дагы жоголгон булактардын катарына кирет. Оши, бул китептен 7 хадис алган. Аз болгонуна карабастан Ошини бул булактан пайдалануусу, анын булактарды колдонууда алфавиттик тартипке маани бергендигине байланыштуу. 

Жыйнак доорунда жазылган эмгектердин катарын толуктаган “Нисабу-л-ахбар” ошол доордун бүтүндөй өзгөчөлүктөрдү ичине камтыйт. Анда негизинен санаддар жазылган эмес. Эмгектин толук аты узун, кооздолуп жазылган жана андагы темалар жаңыланган. Белгилүү болгондой Оши дагы эмгегиндеги хадисттердин сахихтик жагын караган эмес. Себеби ал доордо хадистердин көлөмдүү хадис жыйнактардына топтолуусу жана оозеки риваяттын ордуна жазуу түрүндөгү риваяттардын кеңири жайылуусу негиз болгон. 

Оши дагы 15 булактын арасынан тандап жатып, андагы хадистерди хадис аалымы катарында эмес, маданият адамы катарында тандаган десек туура болот. 

Нисабу-л-ахбарда эң көп колдонулган булактар: 

  1. Нутаф (240) хадис.
  2. Шихабт(223) хадис
  3. Икна (138) хадис
  4. Танбих (91) хадис

Бул булактардан колдонулган хадистин жалпы саны 692. Бул эмгектердин өзгөчөлүгү жыйнак доорунда жазылгандыгы жана ошол доорго таандык өзгөчөлүктөргө ээ болуусу. Ошондуктан, Оши Нисаб китепбин жазып жатып хадистин санадына эмес, колдонулушун негиз алган. 

Эң аз хадис алган булактарга: Жами (70), Лулуиййат (40), Равза (37), Муснад (28), Сахих (27), Канз (27), Йавакит (24), Фирдавс (19), Гариб (14), Уйун (13), Табакат (7) жана Амали (2) болуп саналат. 

 

Автор: Жусупов Майрамбек (Теологиянын доктору (Ph.D.), ОшМУ Арашан гуманитардык институту дин таануу факультети)

Автор

webmaster

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *